Лебедев-Кумач Василий Иванович

Википедия дан

Лебедев-Кумач Василий Иванович – (24. 7(5. 8). 1898, Москва – 20. 2. 1949, ошол эле жер) – орус акыны. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941). 1919–21-ж. ММУда окуган. Ал – советтик массалык ырларды жаратуучулардын бири. Кеңири белгилүү «Шайыр балдар маршы» (1934), «Мекен жөнүндө ыр» (1936) деген ырлардын, ошондой эле «Көңүлдүү балдар», «Капитан Гранттын балдары», «Цирк», «Волга-Волга» жана башка фильмдердин ырларынын автору. Анын «Ыйык согуш» аттуу ыры 1946-ж. «Известия», «Красная звезда» гезиттерине басылып чыгып, Улуу Ата Мекендик согуштун гимни болуп калган (музыкасы А. В. Александровдуку). Лебедев-Кумач сатиралык ырларды, аңгемелерди жана фельетондорду да жараткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7