Лебедев Сергей Алексеевич

Википедия дан

Лебедев Сергей Алексеевич (20. 10(2.11). 1902, Нижний Новгород – 3. 7. 1974, Москва) – электртехника жана эсептөө техникасы тармагындагы орус илимпозу. СССР ИАнын академиги (1953), Социалистик Эмгектин Баатыры (1956). 1928-ж. Москва жогорку техникалык окуу жайын бүтүп, ошол жылдан Бүткүл союздук электр-техника институтунда иштеген. 1946–51-ж. УССР ИАнын Электр-техника институтун жетектеген. 1952-жылдан Москва Физика-техника институтунда профессор; 1953-жылдан СССР ИАнын Так механика жана эсептөө техникасы институтунун директору. Лебедев – СССРде энергетикалык системалардын туруктуулук маселесин биринчи иштеп чыккандардын бири, синхрондуу машиналардын жасалма туруктуулук теориясынын автору. Анын жетекчилиги менен советтик 1-электрондук, ошондой эле бир катар тез иштөөчү ЭЭМдер түзүлгөн. Лениндик (1966), СССР мамлекеттик (1950, 1969) сыйлыгынын лауреаты. 4 Ленин, Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7