Лебенсраум

Википедия дан

Лебенсраум - Немец тилинен которгондо «жашоо майданы» деген маанини билдирген бул түшүнүк Гитлер Германиясынын тышкы саясатындагы олуттуу чакырыгы болгон.

Лебенсраум саясаты Гитлердин Версаль чынжырынын бузулушу жана Бир Улут-Бир мамлекет саясатынан кийинки үчүнчү баскычы болуп саналат. II Дүйнөлүк согуштан мурун Германия мурдагы колонияларынан баш тартып, Европада чыгышка карай жайылуу саясатын кабыл алган болчу.

Бул саясатка Австрия, Чехословакия, кийинчерээк Польша, Украина жана Балкан жарым аралы да кирген. Бул аймактарды немистер өздөрүнүн «жашоо майданы» деп эсептеп, түздөн-түз же кыйыр түрдө аймакта немис элинин эгемендүүлүгүнүн курулушун максат кылган болчу. Немис элине өз топурактары жетишпестиги жана керектүү тармактары үчүн кеңейүүгө муктаждыгы бар экендиги көрсөтүлгөн.

Австрия менен Чехословакия жеңилгенден кийин немистердин көзөмөлүнө өткөн. Польша менен болгон пикир келишпестиктер II Дүйнөлүк согуштун чыгышына себепкер болгон. Согуш маалында немистер Германия, Украина, Балкан жарым аралын каратып алса да, жеңилгенден кийин бүт баарын жоготкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9