Лебёдка

Википедия дан

Лебёдка – ар кандай жүктү аркан, чынжыр, зымдын жардамы менен ары-бери, өйдө-төмөн жылдыруучу машина. Тартуу күчү кыймыл өткөрүүчү механизм жана айланып туруучу барабан аркылуу берилет. Тиштүү, бурама, фрикция, тасма түрүндөгү кыймыл берүүчүлөр пайдаланылат. Кол же атайын кыймылдаткычтар (электр, ичинен күйүүчү, буу жана башка) аркылуу ишке киргизилет. Жүктөө, түшүрүү, кураштыруу, оңдоо, курулуш жана ремонттоо иштеринде, жер казуучу машиналарда, жүк көтөрүүчү крандарда, асма жолдордо, бургулоо скважиналарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7