Леваллуа техникасы

Википедия дан

Леваллуа техникасы Франциянын Леваллуа-Перре деген жеринде табылган ашель дооруна таандык эстеликтин атынан аталган. Мындай ыкма менен ташты үч бурчтуу, сүйрү, жалпак, төрт чарчы кылып алышкан. Ташты чаап жонуп, керектүү өлчөмгө келтирип даярдашкан. Леваллуа техникасы ашель доорундагы адамзаттын эң ири жетишкендиги болуп саналат. Кыргызстанда Леваллуа техникасы менен даярдалган куралдар, нуклеустар Баткен облусундагы Юрташсай эстелигинен табылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]