Левченко Николай Иванович

Википедия дан

Левченко Николай Иванович (7.12.1913, Кыргыз ССРи, Москва району, Садовый кыштагы – 1991, Бишкек) – Социалистик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1950–59-ж. партиянын Сокулук, 1958–61-ж. Москва райкомунун биринчи катчысы, 1961–65-ж. Кыргызстан КП БКнын партиялык органдар бөлүмүнүн башчысы, 1965–71-ж. Кыргыз ССР Социалдык камсыздоо министринин 1- орун басары. Ал жетекчилик кылган Сокулук району кант кызылча өстүрүүдө, мал чарбасында мыкты ийгиликтерге жетишкен. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (3–6-шай.) депутаты. Ленин, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 16 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.