Мазмунга өтүү

Лев Штернберг

Википедия дан
Лев Штернберг.

Лев Штернберг (Хаим-Лейб) Яковлевич, этнограф, Россиядагы, андан кийинки СССРдеги этнография (Этнология жана Антропология) мектебин түзүүчүлөрүнүн бири, дүйнөгө таанымал окумуштуу, этнография илиминин теоретиги. Петроград университетинин профессору, СССР ИАсынын корроспондент-мүчөсү (1924), 1861-ж. Россия империясынын Житомир губерниясында туулган, еврей улутунан. 1927-ж. Дудерговто (СССР) каза болгон. Санкт-Петербург университетине укук таануу факультетине келип кирип, андан соң Новороссийск университетине которулган. 1889-1897 жж. народниктердин кыймылына катышкандыгы үчүн Сахалин аралына сүргүнгө айдалган. Сүргүндө нивхилердин (гиляктар) этнографиясы менен кызыгып калып, изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 1901-ж. Санкт-Петербургдагы Этнография жана антропология Музейинде иштеп калат. 1902-ж. укуктаануу адистиги боюнча диплому колуна тийген. Мамлекеттик географиялык институтта, кийинчерээк Ленинград тарых жана адабият институтунда сабак берген. Л.Я.Штернберг жети жыл бою Сахалин жана Приамурье аймактарында жашаган гиляк (нивхи), ороки, орочи, ольч, гольд ж.б. тунгус-манжур тилдериннин диалектилеринде сүйлөгөн этникалык топтордун тилин, грамматикасын, этнографиялык маалыматтарын, фольклору боюнча баалуу материалдарды жыйнап илимге киргизген. Эволюциялык өнүгүү жагынан адамзаттын тегинин жалпылыгын аныктоого аракет жасаган. Этнографияны алгачкы адамдардын маданиятын жана ага байланышкан ырым-жырымдарды, каада-саллтарды изилдеп үйрөнүүчү илим катары түшүнгөн. Л.Я.Штернберг алгачкы коомдун диний ишенимдерин жана анын тарыхын изилдөөгө өз салымын кошкон окумуштуу катары белгилүү. 1921-ж. Совет бийлиги тарабынан камакка алынып, бирок Максим Горькийдин атайын кайрылуусу менен бошотулган. Анын белгилүү окуучулары төмөнкүлөр: Н. П. Дыренкова, Г. Н. Прокофьев, Г. М. Василевич, С. В. Иванов, Л. Э. Каруновская, С. М. Абрамзон, Л. П. Потапов, А. А. Попов ж.б.көрүнүктүү этнографтар болгон.

Негизги эмгектери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Сахалинские гиляки", "Этнографическое Обозрение", 1893, 2; "Гиляки. Происхождение, быт, семья, род и религия" ("Этнографическое Обозрение", 1894, № 1 и 2). Анын эмгектери аталган жыйнактарда жарык көргөн: "Известиях Императорской Академии Наук" (том XIII, № 4) и отдельно ("Образцы материалов по изучению гиляцкого языка и фольклора", СПб., 1901); "Материалы по изучению гиляцкого языка и фольклора" ж.б.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015