Легато

Википедия дан

Легато (итал. legato - байланышкаң) - бир добуштан экинчи бир добушка тынымсыз өтүү. Вокалдык, аспаптык чыгармаларды аткарууда добуштарын созуп, бир-бири менен байланыштырып аткаруу.

Ырдоодо, үйлөмө музыкалык аспаптарда ойноодо добушту бир гана дем менен аткаруу, кылдуу жаалуу тартма аспаптардын жаасын бир гана (жогору же төмөн) тартуу. Эки нотаны бириктирген сызыкча белгиси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.