Легитимдештирүү

Википедия дан

Легитимдештирүү (мыйзамдуу) – саясатта кандайдыр бир аракет, окуя, фактыны коомго мыйзамдаштырып таанытуу. Легитимдештирүү юридикалык функцияга ээ эмес жана укуктук процесс болуп саналбайт. Легитимдештирүү саясат, бийликти бекемдейт; саясий чечимдерди актайт. Саясатта легитимдештирүү анын бардык факторлоруна таралат: бийликке, методдоруна, документтерге ж. б. М. Вебер легитимдештирүүнү төмөнкүчө классификациялайт:

  • 1) традициялык (жазылбаган адат-салтка таянуу);
  • 2) харизматикалык, эмоционалдык, б. а. жеке адамга сыйынуу:
  • 3) рационалдуу, мыйзамдарга таянуу. Бийликтин куралы катары да, коомдук көзөмөлдүн куралы катары да чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9