Лейкодерма

Википедия дан

Лейкодерма (лейко... ж-a гр. der­ma — тери) — теринин пигментациясынын бузулушу.

Лейкодермада тери пигменти азаят же жоголот. Лейкодерма түрдүү оорудан (себорея экземасы, кабырчыктуу чакалай, парапсориаз ж. б.), теринин бузулушунан, кээ бир дарылардын (хризорабин, псориазин, пирогаллол ж. б.) таасиринен пайда болот же ай­рым оорулардын клиникалык белгиси катары жолугат.

Лейкодерма менен ооруганда териде пигменттүү чөйрө курчаган түрдүү көлөмдөгү тегерек ак тактар пайда болот. Дарылоо пайда кылган ооруга карата жүргүзүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.