Лейкоз (жаныбарларда)

Википедия дан

Лейкоз (жаныбарларда) – кан пайда кылуучу органдарды жана лимфа клеткаларын жабыркатуучу жугуштуу ылаң. Ылаңдаткычы РНКлуу Retroviridae түркүмүнө кирүүчү онкогендүү вирус (онкорновирус). Сырткы чөйрөдө туруксуз. Ылаң бардык континенттерде кездешип, катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Көбүнчө 4–8 жаштагы кой, уй, эчки, жылкы, чочко жана башка, үй куштары жабыркайт. Кыргызстанда бодо малдын жана койдун лейкозу көп кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7