Лейла Саралаева

Википедия дан

Саралаева Лейла Маратовна – журналист, “Новые лица” гезитинин башкы редактору жана негиздөөчүсү, долбоорлордун продюсери, блогер.

Туулган жылы жана жери: 1972-жылдын 30-декабры, Бишкек шаары, Кыргызстан.

Журналистика тармагындагы тажрыйбасы – 27 жыл.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лейла Саралаева

1995-жыл – “Алмаз” радиосу. Экономика жана саясат боюнча жаңылыктардын чыгарылышы. “Манас” эпосу жөнүндө бир катар билим берүүчү программалардын автору.

1995-жылдын ноябрынан 2003-жылдын июль айына чейин - “Дело №…” коомдук-укуктук гезитинин кабарчысы.Саясий, социалдык-экономикалык жана билим берүү темаларына 1000ден ашык макала жазып, репортаж даярдаган.

2003-жылдын июнь айынан 2013-жылга чейин Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британия институту (IWPR) менен кызматташкан.

2005-жылдын июнь айынан тарта - “Лица” коомдук-саясий гезитинин атайын кабарчысы. Эл аралык “Ассошиэйтед пресс” жана “Франс-пресс” маалымат агенттиктери менен кызматташкан.

2006-жылдын июнь айынан 2017-жылдын апрелине чейин “Ассошиэйтед пресс” эл аралык маалымат агенттигинин Кыргызстандагы кабарчысы болгон. 2014-жылдан азыркы учурга чейин “Новые лица” гезитинин (www.nlkg.kg)негиздөөчүсү жана башкы редактору.

2019-жылдан бери YouTube’дагы “Новые лица” каналында маектердин жана маалыматтык-аналитикалык чыгарылыштардын автору.

Окуу сапарлары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2000-жылы – Швециянын Фуйошаарындагы Журналисттер мектеби;

2002-жылы – Жапония, JICA программасы;

2005-жылы – Аял журналисттер үчүн тренинг, IWPR, Баку шаары, Азербайжан;

2014-жылы жана 2017-жылы –квалификацияны жогорулатуу жана программалоо, “Тилектештик” Фонду, Варшава шаары, Польша;

2018-жылы – конференцияга катышып, мультимедиа тармагындагы көндүмдөрдү жогорулатуу, “Дойче Велле”, Бонн шаары, Германия.

Сыйлыктары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. 1998-жылы. – Мыкты журналисттик материал үчүн Калкты жайгаштыруу фондунун (БУУӨП) сыйлыгы;

2. 2016-жылы - (“Новые лица” гезити) Аялдардын ден соолугуна арналган макалалардын сериясы үчүн ЮНФПАнын (БУУӨП) сыйлыгы;

3. 2017-жылы – Гендер темасына мыкты макала үчүн сыйлык, ЮНФПА (БУУӨП).

Долбоорлору:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Калктын социалдык жактан аялуу катмары – макалалардын сериясы, “Интерньюстун” долбоору;

2. 2016-жылы “Чакан Кыргызстан” долбоору – Кыргызстандын этностук көп түрдүүлүгү тууралуу макалалардын жана видеосюжеттердин сериясы. “Сорос” фонду (2014-жыл), ЖӨБЭММА (2015-жыл). Учурда долбоорду өз күчү менен ишке ашырышууда;

3. “Жаштарүйүнүн хроникасы” долбоору – Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн Жаштар үйүндөгү жашоосу тууралуу макалалардын жана тасмалардын сериясы (2019-жыл). “Интерньюс”;

4. “Аял милиционерлер”, Кыргызстандагыаял милиционер тууралуу 10 макала. UNODC. 2019-жыл;

5. “Кыргызстандын социуму: түрдүү жана бирдей” – Кыргызстандагы социалдык маанилүү көйгөйлөр тууралуу макалалардын жана видеосюжеттердин сериясы (2020-жыл). “Интерньюс”;

6. “COVID -19: медиа кол кабыш”, пандемия учурунда Кыргызстандын жашоосуна арналган макалалардын сериясы. “Сорос-Кыргызстан” Фонду. 2020-жыл;

7. “Кыргызстандагы шайлоо: шайлоо алдындагы убадалардан тарта аларды ишке ашырууга чейинки жол”, Кыргызстандагы шайлоо тууралуу басылмалардын сериясы. Европа Биримдиги, ALDA, “Медиа Диалог”. 2020-жыл;

8. “Эгемендүүлүккө 25 жыл” – Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналган макалалардын сериясы. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты. 2015-жылдан 2017-жылга чейин;

9. COVID-19: пандемия эмгек мигранттарынын жашоосуна кандай таасирин тийгизди? Макалалардын жана видеосюжеттердин сериясы. “Интерньюс”.

Иш-чаралар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар тууралуу сүрөт көргөзмөнү уюштуруу - Бишкек, Минск (2014-жыл).

2. Кыргызстандагы демократиянын түптөлүшү тууралуу сүрөт көргөзмө – Вена, Берлин, Брюссель (2015-жыл).

3. Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн көйгөйлөрүнө арналган тегерек стол – Бишкек, 2017-жыл.

Басылып чыккан китептер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. “Кыргызстандагы демократия” фотоальбому, 2015-жыл.

Шилтемелер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.nlkg.kg/ru/p/contacts

http://mnenie.akipress.org/find:Лейла%20Саралаева,%20главный%20редактор%20газеты%20«Новые%20Лица»/author

https://cabar.asia/ru/author/leilasaralaeva