Лейлек килеми

Википедия дан

Лейлек килеми - Жергиликтүү лейлек тургундарынын кол өнөрчүлүгүндө өзгөчө орунду ээлеп, Лейлектин сыймыгы катары эсептелет. Кыз узатуу каадасында дагы лейлек килеми белекке берилип, кыздын себинин көркүн ачат. Лейлек килеми Кыргызстандын Лейлек районунунда токулуп. Ошол жердин атынан аталып калган.

Даярдалышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лейлек килемин согууда койдун жүнү колдонулат. Адегенде кыркылып алынган жүн таза жуулат, андан соң ийикке ийрилип, түр жасалат. Качан түр даяр болгон соң казанга суу кайнатылып, ага боёк салынат. Ага удаа түрдү казанга салып кайнатып, боёкту түргө сиңдирет. Түр боёлгон соң күнгө какталып кургатылат. Бул иштердин баары аткарылган соң килем согуу башталат. Ал үчүн атайын аштама жыгачтар орнотулат. Түрдүн баары аштама жыгачтардын башынан акырына чейин биринен сала экинчиси тартылып, килем согуу башталат. Лейлек килеми араби жана жүл деп экиге бөлүнөт. Араби килеми жука согулат. Аны бүтүрүү үчүн 5-6 күн убакыт кетет. Баасы 5000-10 000 сомго чейин барат. Ал эми жүл килеми калың жана түктүү келет. Салмагы 50 килограммдан жогору болот. Баасы 23-30 миң сомго чейин жетет. Жүл килемди согуу үчүн 3-4 чебер керектелет. Алардын баары каз катар тизилип отуруп, тартылган түрдү токмок менен согуп, килемдин гүлдөрүн чеге башташат. Иш шыдыр кетсе, бир килем 15-16 күндө даяр болот.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]