Лексикография

Википедия дан

Лексикография (гр.lexikos- сөзгө таандык жана …графия)- тил илиминин сөздүк түзүү практикасы жана теориясы жөнүндөгү бөлүгү. Практикалык лексиографиянын формаларынын өөчүшү үч мезгилге бөлүнөт: сөздүк түзгөнгө чейинки мезгил; эртеги сөздүк мезгили; өрчүгөн лексиография мезгили. Лексиографиянын биринчи мезгилинде негизинен мааниси бүдөмүк сөздөрдү түшүндүрүү, экинчисинде адабий тилди изилдөө боюнча иштер аткарылса, үчүнчү мезгилде тилдин сөздүк составын сыпаттап жазып, нормага салуу; түшүндүрмө, синоним, фразеология, диалектология, орфография ж.б. сөздүктөрдү түзүү ишке аша баштады. Теориялык лексиография XX-кылымдын экинчи жарымында калыптанган. Сөздүктөрдүн биринчи илимий типологиясын түзгөн Л.В.Щерба. Лексиография- тил илиминин бардык болүгү менен, айрыкча лексикология мене тыгыз байланыштагы илим тармагы. Милдетине жараша жеке тил лексикографиясы (түшүндүрмө жана башка сөздүктө), окуу лексиографиясы (тил үйрөөтүүчү сөздүктөр), илимий- техникалык лексиография (терминология сөздүктөр) ж.б. деп бөлүнөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Щерба Л.В., опыт общей теории лексикографии, «Изв. АН СССР, ОЛЯ», 1940, №3; Лексикографический сборник, т.1-6, М., 1957-63.