Лекциялык-семинардык система

Википедия дан

Лекциялык-семинардык система – зарыл билимдерге, оозеки баяндалган материалды кабыл алуу тажрыйбасына жана маалымат булактары менен өз алдынча иштөө көндүмдөрүнө ээ адамдарга эсептелген окутуунун түрү.

Лекциялык-семинардык система алгачкы уневирситеттер пайда болгондо эле колдонула баштаган. Ушул кезге чейин олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар боло элек. Бул тутумдагы окутууну уюштуруунун негизги калыптары лекциялар, үйрөткүлөр, практикумдар, лабораториялык жумуштар, консультациялар, коллоквиумдар, зачеттор жана сынактар. Кийинки жылдары лекциялык-семинардык тутумдун элементтери жалпы билим берүүчү мектептерде, класстык-сабактык тутумдун алкагында колдонула баштады.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004