Лелевкин Валерий Михайлович

Википедия дан

Лелевкин Валерий Михайлович (28. 9. 1944-ж. туулган, Башкыр АССРи (азыркы Башкыртстан), Бирск шаары) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1989), профессор (1992), Эл аралык информациялаштыруу академиясынын академиги (1996), Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери (2000). КМУну бүтүргөн (1968). ФПИде окутуучу (1968–75), КМУда (азыр КУУ) улук окутуучу, доцент, профессор (1975–93). 1993-жылдан КРСУда кафедра башчысы, илимий иштер боюнча проректор. Теориялык физика, плазма физикасы, жылуулук физикасы боюнча адис. 250дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 12 монография, 2 окуу колдонмосунун автору. Эмгектери: Моделирование и технология получение керамики на основе кремния. Б., 2008; Моделирование микроволнового нагрева воды. Б., 2009.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7