Ленд-лиз

Википедия дан

Ленд-лиз (англ. lend карыз берүү – жана – lease ижарага берүү) – экинчи дүйнөлүк согуш убагында АКШнын жардам иретинде союздаштарына (антигитлердик) курал-жарак, ок-дары, стратегиялык сырьё, техника, азык-түлүк жана башкаларды карызга же ижарага берүү системасы. Ленд-лиз системасын түзүүнү АКШ президенти Ф. Д. Рузвельт сунуштап, Ленд-лиз жөнүндө мыйзамды АКШнын конгресси 1941-ж. 11-мартта кабыл алган. Алгач жардам берүү мөөнөтү 1943-жылдын 30-июнуна чейин бекитилип, согуштун узарышына байланыштуу 1946-жылдын 30-июнуна чейин жыл сайын кошумчаланып турган. 1945-ж. 21-августта АКШ өкмөтү ленд-лиз боюнча жардам берүүнү токтотуу жөнүндө билдирген (ошол эле мезгилде гоминьдандык Кытайга жардам берүү дагы беш жылга узартылган). 1941-жылдын 11-мартынан – 1945-жылдын аягына чейин ленд-лиз боюнча АКШнын чыгымы 50,1 млрд (2008-жылга карата 610 млрд) долларга жеткен. Ленд-лиз боюнча АКШнын берген жардамы негизинен Улуу Британияда 31,4, Францияда 3,2, Кытайда 1,6, СССРде 11,3 (2008-жылга карата 138 млрд) млрд долларды түзгөн. Өз кезегинде АКШ союздаш мамлекеттерден 7,8 млрд доллар суммасындагы ар кандай товарларды алган. Согуш убагында ленд-лиз боюнча жардам берүүнүн натыйжасында АКШнын өндүрүшү кеңейип, өкмөттүк тапшырмаларды аткаруунун эсебинен монополиялар байыган. Согуш бүткөндөн кийин АКШ ленд-лиз системасын пайдаланган жана аны менен байланышкан маселелерди жөнгө салуунун эсебинен көптөгөн Европа жана Азия мамлекеттерине экономикалык жана саясий таасирин тийгизген. Америкалык расмий билдирүүлөр боюнча 1945-жылдын сентябрь айында СССРге АКШдан 14450 самолёт, 7000 танк, 427 миң автомобиль, 8218 зениттик курал, 131600 пулемёт; Улуу Британиядан 3384 самолёт жана танк; Канададан 1188 танк жөнөтүлгөн. Ленд-лиз боюнча СССР АКШдан куралдан сырткары транспорт каражаттарын жана азык-түлүк жана башка алган. 1947-, 1960- жана 1970-жылдары ленд-лиз боюнча эсептешүү жөнүндө СССР менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, СССР АКШдан алган мүлктөрдүн (мисалы, деңиз кемелерин) жарымын кайтарып берген, бирок эки тарап тең компенсациянын көлөмү жөнүндө маселе боюнча бир чечимге келе алышкан эмес. АКШ башка өлкөлөргө (мис., Улуу Британия) салыштырмалуу СССРден көбүрөөк суммада – 1,3 млрд доллар сураган. Ошондой эле амер. өкмөт СССР менен АКШнын ортосунда соода жана экономикалык мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө маселелерди чечүүдөн баш тарткан. 1990-жылдары эки мамлекеттин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, СССРдин Ленд-лиз боюнча карызы 2030-ж. чейин төлөнмөк болуп, жалпы сумма 674 млн долларды түзгөн. 1992-жылдан СССРдин карызы РФке жүктөлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7