Мазмунга өтүү

Ленинград блокадасы

Википедия — ачык энциклопедия
Ленинград блокадасы
Негизги кагылыш: Ленинград салгылашы, Улуу Ата-Мекендик согуш, Экинчи дүйнөлүк согуш
Каршы тараптар
 ССРС  Үчүнчү рейх

 Финляндия
Испания Франкисттик Испаниянын өз ыктыярчылары (Көгүлтүр дивизия)
 Италия
Норвегия Норвегия легиону

Колбашчылар
ССРС Ворошилов Климент Ефремович

ССРС Жуков Георгий Константинович
ССРС Федюнинский Иван Иванович
ССРС Хозин Михаил Семёнович
ССРС Говоров Леонид Александрович
ССРС Мерецков Кирилл Афанасьевич
ССРС Трибуц Владимир Филиппович

Үчүнчү рейх Вильгельм фон Лееб

Үчүнчү рейх Георг фон Кюхлер
Үчүнчү рейх Эрих фон Манштейн
Карл Густав Маннергейм
Италия Жузеппе Бьянкини
Испания Агустин Муньос Грандес
Норвегия Артур Квист

Тарап күчтөрү
белгисиз 730 000 ашык адам (1942)
Жоготуулар
Аскердик жоготуулар:
  • Каза болгондор — 332 059
  • Аскердик эмес жоготуулар — 24 324
  • Дайынсыз жоголгон — 111 142

Жарандык жоготуулар:

  • Аткылоодон каза болгондор — 16 747
  • Ачкачылыктан каза болгондор — 632 253
  • 1941-жыл: жалпы жоготуулар — 85 371
  • 1942-жыл: жалпы жоготуулар — 267 327
  • 1943-жыл: жалпы жоготуулар — 205 937
  • 1944-жыл: жалпы жоготуулар — 21 350

Жалпы жоготуулар: 579 985

  • Каза болгондор — 117 407
  • Дайынсыз жоголгон — 23 405

Ленинград блокадасы (орус. Блокада Ленинграда) – Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында немис жана фин[1] аскерлери жана алардын союздаштары тарабынан шаарды жок кылуу максатында Ленинград шаарын (азыркы Санкт-Петербург шаары) курчоого алышы.

Блокада 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин созулган (блокадалык курчону Кызыл Армиянын аскерлири 1943-жылдын 18-январында жарып өтүшкөн) — блокада жалпысынан 872 күнгө созулган, кээ бир булактарда 871 күн деп дагы көрсөтүлөт[2]. Адабиятта жана эстеликтерде бул мезгил «900 күн жана түн» деп тегеректелип берилет.

Блокада башталган учурда шаарда узакка созулган курчоого туруштук бере турганга жетиштүү тамак-аш жана отун жок болчу. Ленинград менен байланыштырган жалгыз жол Ладога көлү аркылуу өтчү, ал душмандын артиллериясы жана авиациясы, ошондой эле көлдөгү душмандын аскер-деңиз күчтөрү аткылаган аймакта жайгашкан. Натыйжасында, шаарда массалык ачарчылык башталып, өзгөчө биринчи кыштын катаалдыгы, жылытуу жана транспорт маселелери менен коштолуп, жүз миңдеген тургундардын өмүрүн алып кеткен.

Блокадалык курчону Кызыл Армиянын аскерлири 1943-жылдын 18-январында жарып өтүшкөндөн кийин шаарды камсыздоо акырындык менен калыбына келтирилип, февралдын ортосунан тарта Ленинградда, өлкөнүн башка өнөр жай борборлоруна белгиленгендей эле «согуш учурундагы азык-түлүк нормалары» киргизиле баштаган. Бирок, душмандын шаарды курчоосу 1944-жылдын январында гана толук токтотулган. 1944-жылдын январь—февраль айларында советтик аскерлер Ленинград-Новгород операциясын ишке ашырып, операциянын натыйжасында душмандын күчтөрүн шаардан түштүк тарапка 220—280 чакырымга артка сүрүп чыкканга жетишишкен. Июнь—август айларында советтик аскерлер Балтика флотунун кемелери жана авиациясы менен биргеликте Выборг жана Свирск-Петрозаводск операцияларын жүргүзүп, 20-июнда Выборгду, ал эми 28-июнда Петрозаводскту бошотушкан. Советтик аскерлер сентябрь айында Гогланд аралын алууга жетишишкен.

1945-жылдын 1-майындагы СССРдин жогорку башкы колбачысы Сталин Иосиф Виссарионовичтин № 20 буйругуна ылайык, Ленинград (Сталинград, Севастополь жана Одесса менен бирге) баатыр шаар деп аталган. Кийинчерээк, 1965-жылдын 8-майындагы СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен шаарга «Алтын Жылдыз» медалы ыйгарылган.

Германиянын СССРге кол салуусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
«Барбаросса» планы

940-жылдын 18-декабрында Адольф Гитлер №21-директивага кол коюп, ал «Барбаросса планы» деген аталыш менен белгилүү болгон. Бул планда СССРге үч негизги багыт боюнча үч армия тобу менен чабуул коюу каралган: «Түндүк» армия тобу — Ленинградга, «Борбор» армия тобу — Москвага, «Түштүк» армия тобу — Киевге. Москва шаарынын басып алынышы Ленинград менен Кронштадт алынгандан кийин гана ишке ашырылмак. 1941-жылдын 11-июнунда кабыл алынган №32-директивада Гитлер «Чыгыштагы жеңиштүү жортуул» күздүн аягына чейин аякташы керек экенин белгилеген[3].

Ленинград СССРдеги мааниси боюнча экинчи шаар болгон жана курчоо алынган мезгилде калкынын саны болжол менен 3,2 миллион адамга жеткен[4]. Шаар өлкөнүн оор машина куруу тармагынын дээрлик төрттөн бирин жана электр-техникалык өнөр жай продукциясынын үчтөн бирин камсыз кылып турган[5]. Шаарда 333 ири өнөр жай ишканасы иштеп, 565 миң адам эмгектенген. Мындан тышкары, жергиликтүү өнөр жайдын жана артелдердин көптөгөн завод-фабрикалары дагы иштеп турган. Өндүрүлгөн продукциянын болжол менен 75% коргонуу тармагына тиешелүү болгон жана бул тармак жогорку деңгээлдеги инженердик жана техникалык адистери менен айырмаланган. Ленинградда илимий-техникалык потенциал да өтө жогору болчу: шаарда 130 илимий-изилдөө институту жана конструктордук бюросу, 60 жогорку окуу жайы жана 106 техникум иштеп турган[6].

Ленинградды басып алуу менен Германиянын башчылары бир катар маанилүү маселелерди чече алмак, тактап айтканда:

  • согушка чейин жалпы союздук өнөр жай продукциясынын 12% түзгөн Советтер Союзунун Ленинград шаарындагы кубаттуу экономикалык базасына ээ болуу;
  • Балтика согуш-деңиз флотун жана ошондой эле ири соода флотун басып алуу же жок кылуу;
  • Москвага чабуул жасаган «Борбор» армия тобун түндүктөн сол канатын керектүү курал-жарак камсыз кылуу жана «Түндүк» армия тобунун бошогон аскер күчтөрүн башка багытка жиберүү;
  • Балтика деңизиндеги Германиянын үстөмдүгүн бекемдөө жана Германиянын өнөр жайы үчүн Норвегиянын портторунан руданы ташууну камсыз кылуу.

А.Гитлер 1941-жылдын 21-июлундагы «Түндүк» армия тобуна болгон сапарында «Ленинграддын мааниси чоң, Лениградга салыштырганда Москва ал үчүн жөн гана географиялык объект» деп айткан[7].

Финляндиянын согушка кириши

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1941-жылдын январь—апрель айларында иштелип чыккан Германия менен Финляндиянын аскер күчтөрүнүн өз ара аракеттенүү пландарына ылайык, 1941-жылдын 17-июнунда Финляндияда мобилизациялоо тууралуу жарлык чыккан. 20-июнда мобилизацияланган армия совет-фин чек арасына жакын аймактрада чогула баштаган[1]. 21-июндан тартып Финляндия СССРге каршы аскердик операцияларды (операция «Регата») жүргүзө баштаган, ал эми 21—25-июнь күндөрү Финляндия аймагынан Германиянын аскер-деңиз жана аба күчтөрү СССРге каршы чабуулдарды жасашкан[8].

23-июнунда СССРдин тышкы иштер эл комиссары Молотов Финляндиянын ишенимдүү өкүлү Хюнниненди чакырып, Финляндиядан так позиция талап кылган — ал Германиянын тарабында болобу же нейтралитетти карманабы деп. Бирок бул суроого жооп алган эмес[9].

1941-жылдын 25-июнунда таң эрте Жогорку башкы командачылыктын ставкасынын буйругу менен Түндүк фронттун аба күчтөрү жана Балтика флотунун авиациясы Финляндия менен Түндүк Норвегиядагы он тогуз (башка маалыматтар боюнча он сегиз) аэродромго массалык аба соккусун жасаган. Бул аэродромдордо Финляндиянын аба күчтөрүнүн жана Германиянын 5-аба армиясынын учактары жайгашкан болчу. Ушул эле күнү Финляндия парламенти СССРге каршы согуш жарыялоону колдогон чечим кабыл алган[10].

1941-жылдын 29-июнунда фин аскерлери СССРдин мамлекеттик чек араны кесип өтүп, СССРге каршы кургактыктагы аскердик операцияны башташкан[11].

«Барбаросса» планына ылайык, Германиянын жогорку аскер жетекчилиги менен макулдашылган чечимде фин аскерлерине төмөнкү тапшырмалар коюлган: мүмкүн болушунча тезирээк Ханко жарым аралын басып алуу, Түндүк Финляндияда немец аскерлеринин жайгашуусун камсыз кылуу жана «Түндүк» армия тобунун аскерлери Двина дарыясын кесип өткөн учурга чейин Ладога көлүнүн чыгыш жагында Олонец жана Петрозаводск багыттарында негизги соккуну камсыз кылуу, ошондой эле Карелия мойнунда соккуну камсыз кылуу менен Свирь дарыясы жана Ленинград району аркылуу немис аскерлерине кошулуу[12].

Германиянын жана анын союздаштарынын Ленинградга жакындашы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1941-жылдын 22-июнунда Германия СССРге кол салган. Ушул эле күнү Ленинградда жана Ленинград облусунда, өлкөнүн башка көптөгөн аймактарындагыдай эле аскердик абал жарыяланган[13]. Душмандын Ленинградга багытталган соккусун негизги күчү болуп 4-танк тобу саналган. Бул танк тобу чабуулдун алгачкы 18 күнүндө 600 чакырымдан ашуун аралыкты (күнүнө 30–35 км ылдамдыкта) басып өтүп, Батыш Двина жана Великая дарыяларына жеткен. 5-июлда Вермахттын бөлүктөрү Ленинград облусундагы Остров шаарын ээлешкен. Андан ары жылып отуруп, 9-июлда немистер Псковду басып алышкан[14]. Ушул эле жылдын 23-июнунда Ленинград аскер округунун башчысы генерал-лейтенант Попов М. М. Луга району аркылуу Псков багытында кошумча коргонуу тилкесин түзүү боюнча көрсөтмө берген. 25-июнда Түндүк фронттун Аскердик кеңеши Ленинграддын түштүк тарабын коргоо схемасын бекитип, курулуш иштерин баштоону милдеттендирген. Үч коргонуу тилкеси курулган: биринчиси — Луга дарыясынын боюнан баштап Шимскке чейин; экинчиси — Петергоф-Красногвардейск-Колпино багыты боюнча; үчүнчүсү — Автоводон Рыбацкоего чейин[15][16]. Бул чечим 4-июлда башкы башчынын штабы тарабынан Жуков Г. К. кол койгон директива менен тастыкталган[17]. Коргонуу курулуштарына шаар менен облус тургундары дагы тартылган. 29-июндан тартып Ленинграддын тургундары (16 жаштан 50 жашка чейинки эркектер жана 16 жаштан 45 жашка чейинки аялдар) атайын жумуштарды аткарууга милдеттендирилген. Жарандык жумушчуулар негизинен коргонуучу курулуштарын куруу иштерине тартылышкан. Эмгек милдетине тартылгандар негизги иштен кийин үч сааттан иштөөгө, ал эми жумушсуздар сегиз сааттан иштөөгө тийиш болчу. Эмгек графиги боюнча жети күн катарынан иштеп, андан кийин төрт күн тыныгуу берилип турган[13]. Коргонуу курулуштары Ленинградга кире бериштерде да, шаардын өзүндө да курулган. 1941-жылдын 20-августуна карата Ленинградда 814 миң адамды батырган 4612 коргоонучу жайлар курулган жана 672 миң адамга ылайык 336 чакырым траншея казылган. Кошумча 65 миң адамга эсептелген 383 коргоонучу жайлардын курулушу жүрүп жаткан[13].

Луга коргонуу тилкеси инженердик жактан жакшы даярдалган, жалпы узундугу 175 чакырым болгон коргонуу объекттери курулган, 570 дот жана дзот, 160 чакырым эскарп, 94 чакырым танкка каршы аңдар болгон[18]. Бул курулуштар Ленинград тургундарынын, негизинен аялдар менен өспүрүмдөрдүн колу менен жасалган (эркектер согушка жана элдик кошуундарда болушкан).

12-июлда немис армиясынын алдыңкы бөлүктөрү Луга коргонуу тилкесине жетип, немистердин чабуулу токтоп, алдыга жыла албай калышкан. Гёпнердин танк тобунун күчтөрү чарчап, Ленинград тарапка болгон кыймылы азайганын немис аскер жетекчилери өз штабдарына кабарлашкан[19].

Шаарды асмандан болгон чабуулдан коргоо үчүн орнотулган куралдар

Ленинград фронтунун командачылыгы Гёпнердин 4-танк тобунун токтоп турушун жана анын кошумча күчтөрдү күтүп жаткан учурду пайдаланып, душманды тосуп алууга даярдык көргөн. Бул максатта Киров заводунан жаңы чыгарылган КВ-1 жана КВ-2 оор танктары колдонулган. Натыйжада немистердин чабуулу бир нече жумага токтоп калган. Душман шаарды дароо эле басып алуу мүмкүнчүлүгүнөн кур калган. Бул токтоп калуу Гитлерди катуу кыжырданткан, ал Ленинградды сентябрдан кеч эмес алуу планын иштеп чыгуу үчүн атайын «Түндүк» армиялар тобуна келген. Аскер башчылары менен болгон сүйлөшүүлөрүндө ал аскердик себептерден сырткары, бир топ саясий жүйөлөрдү да келтирген. Ленинградды алуу Германия үчүн гана эмес, жалпы саясий жагынан да чоң утуш алып келмек — балтика жээктерин көзөмөлдөө, Балтика флотун жок кылуу, ошондой эле СССРдин Октябрь революциясынын «булагы» катары саналган шаардын жоготуусу чоң символикалык мааниге ээ эле. Мындан тышкары, Гитлер Ленинграддын айланасында жайгашкан советтик күчтөрдү башка фронтко алып кетүүгө тоскоолдук жаратууну каалаган жана шаардагы аскерлерди жок кылууну көздөгөн.

Немис командачылыгы күчтөрүн кайрадан топтоп, 8-августта мурда басып алынган Большой Сабск плацдармынан Красногвардейск багытында чабуул баштаган[20]. Бир нече күндөн кийин советтик Луга коргонуу тилкесин Шимск тараптан немистер жарып өткөн. 15-августта душман Новгородду, 20-августта — Чудовону басып алган. 30-августта немис аскерлери Мгуну ээлеп, Ленинградды өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган акыркы темир жолдун бөлүгүн ээлеп алышкан[21].

«Түндүк» армия тобунун 28-августтагы буйругу:

« Жогорку жетекчиликтин көрсөтмөлөрүнүн негизинде буйрук кылам: күчтөрдү үнөмдөө максатында, Ленинградды шаардын аймагына мүмкүн болушунча жакын аралыкта курчоону түзүү. Шаардыктарды багынууга чакыруу талап кылынбайт. Шаарды тез арада жок кылуу тапшырмасын аткарууда жөө аскерлердин жоготууларын болтурбоо үчүн шаарга жөө аскерлер менен чабуул коюуга тыюу салынат. Калктын курчоодон чыгып кетүү аракетинин ар кандай формалары дароо токтотулушу керек, керек болсо курал колдонуп дагы… »
Финляндия басып алган жерлер

29-июнда Фин армиясы чек арадан өтүп, СССРге каршы согуш аракеттерин баштаган. Карелия моюнунда финдер алгач көтп деле активдүү болушкан эмес[22][21]. Ленинград багытындагы негизги чабуул бул тилкеде 31-июлда башталган. Сентябрдын башында финдер 1940-жылкы тынчтык келишимине чейин болгон эски совет-фин чек арасынан 20 чакырым ичкери кирип барып, Карелия коргонуу тилкеси келип токтоп калган. Финляндия тарабынан оккупацияланган аймактар аркылуу Ленинград менен өлкөнүн калган бөлүгүнүн байланышы 1944-жылдын жайында гана калыбына келтирилген[23].

1941-жылдын 4-сентябрында Миккелиде жайгашкан Маннергеймдин штабына Вермахттын Жогорку командачылыгынын операциялык жетекчилигинин штабынын башчысы генерал-лейтенант Альфред Йодль жөнөтүлүп, фин аскерлеринин Ленинградга чабуулга катышуудан баш тарткан жооп алган. Анын ордуна Маннергейм Ладоганын түндүгүндө ийгиликтүү чабуул жүргүзүп, Киров темир жолун жана Беломор-Балтика каналын Онега көлү тараптан жана Свирь дарыясы аркылуу өткөн Волга-Балтика жолун басып алышкан. Натыйжада, Ленинградга жүк жеткирүүдө колдонулуп келген бир нече каттамдар токтотулган.

Шаарды биринчи артиллериялык аткылоолордун кесепеттери

Карелия моюнунда финдердин 1918–1940-жылдардагы эски совет-фин чек арасына чейин жетип, андан ары шаардын багытында жылбаганын Маннергейм К. Г. өз эскерүүлөрүндө Ленинградга чабуул жасоого жеке каршылыгы менен түшүндүргөн. Ал Финляндия аскерлеринин башкы башчысы болууга макул болгондо, Ленинградга чабуул жасалбайт деген шарт койгонун жазат[24]. Бирок бул пикирге Исаев А. В. жана Барышников Н. И. каршы чыгышып, бул жон гана Маннергейм согуштан кийин аракеттерин актоо максатында ойлоп тапкан деп санашкан[22][25].

1941-жылдын 11-сентябрда Финляндиянын президенти Ристо Рютинин Хельсинкидеги немис элчисине айткан сөзү:

« Эгер Петербург мындан ары ири шаар катары жок болсо, анда Нева Карелиядагы эң мыкты чек ара болмок... Ленинград ири шаар катары жок кылынышы керек. »

1941-жылы 4-сентябрда Ленинград шаары Германия оккупациялаган Тосно шаары тарабынан биринчи артиллериялык аткылоолордун алдында калган.

1941-жылдын 4-сентябрына карата алынган Ленинград шаарынын калкынын саны жана эвакуацияланган адамдардын саны боюнча маалым кат

Блокаданын башындагы абал

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1941-жылдын июнунда эле калкты жана өнөр жай ишканаларын эвакуациялоо иштери башталган. Согушка чейинки Ленинградды эвакуациялоо планында коргоо багытындагы өнөр жайга тиешелүү ишканалардын жумушчу коллективдери, стратегиялык жүктөр жана музей баалуулуктары ташылып чыгарылышы каралган, бирок шаардын көпчүлүк калкы эвакуацияланбай калган[26].  

29-июндан тартып Ленинград шаардык аткаруу комитети жаш балдарды Ленинград жана Ярославль облустарына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. 390 миң жаш балдарды эвакуациялоо пландаштырылган[13]. Июнь айынын аягында «Шаардык эвакуация комиссиясы» түзүлүп, калктын арасында Ленинграддан чыгуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, анткени көптөгөн тургундар үй-бүлөлөрүн таштап кетүүгө макулдуктарын беришкен эмес.  

11-июлда ГКО №99-сс токтому чыгып, Ленинграддан көптөгөн өнөр жай ишканаларын чыгарууга буйрук берилген. 10-августта эвакуация кеңеши шаардан кошумча 400 миң аялды жана 14 жашка чейинки балдарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. 14-августта дагы 700 миң адамды эвакуациялоо чечими кабыл алынып, күнүнө 30 миң адамды чыгаруу пландаштырылган[16].  

4-сентябрда Ленинград фронтунун Аскердик кеңеши шаардан эң аз дегенде 1,2 миллион адамды чыгарууга буйрук берген. Эвакуация Шлиссельбург станциясына чейин темир жол менен, андан соң Ладога көлү аркылуу жүргүзүлүшү керек эле. Бирок 8-сентябрда Шлиссельбург шаары немистер тарабынан басып алынып, эвакуация токтоп калган[13].  

Эвакуациянын биринчи этабы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эң биринчи эвакуация этабы 1941-жылдын 29-июнунан блокада башталганга чейин созулуп, Вермахттын бөлүктөрү Ленинградды анын чыгышындагы аймактар менен байланыштырган жолдорду кесип таштаган мезгилге чейин уланган. Бул мезгил шаардын тургундарынын Ленинграддан кетүүгө каршы чыгып жана макулдугун бербегендиги менен мүнөздөлгөн. Ленинграддан көптөгөн жаш балдар Ленинград обласунун аймактарына эвакуацияланган, кийинчерээк 175 миң жаш балдар кайра Ленинградга алып келинген.

1941-жылдын 29-июнунан 27-августуна чейинки мезгилде шаардан 488 703 ленинграддыктыра чыгарылган, анын ичинде 219 691 жаш балдар (жалпы 395 091 эвакуацияланган, бирок кийин 175 000 кайра шаарга алып келинген) жана 164 320 ишканалар менен кошо чыккан жумушчулар жана кызматкерлер болгон. Ошондой эле мурун Балтика республикаларынан жана Карело-Фин ССРинен Ленинградга эвакуацияланган 147 500 адам дагы чыгарылган[17]. 1941-жылдын 27-августунда темир жол аркылуу эвакуация мүмкүн болбой калган[27]. Блокаданын баштапкы мезгилинде, чагымчылыктын алдын алуу максатында шаардан 88 700 финн жана 6 700 немис улутундагы адамдар чыгарылган[27].

Эвакуациянын экинчи этабы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи этабында, эвакуация үч жол менен жүргүзүлгөн:

  • Ладога көлү аркылуу суу транспорту менен Жаңы Ладогага чейин, андан соң Волховстрой станциясына автоунаа менен;
  • Учактар аркылуу;
  • Жылдын кыш мезгилинде Ладога көлүнө тоңгон муздун үстү аркылуу.

Бул мезгилде суу транспорту менен 33 479 адам (анын ичинде 14 854 адам – ленинграддыктар эмес), учактар менен – 35 114 (анын ичинде 16 956 ленинграддыктар эмес), 1941-жылдын декабрь айынын аягынан 1942-жылдын 22-январына чейин Ладога көлү аркылуу жөө жана уюштурулбаган автоунаа топтору менен – 36 118 адам (ленинграддыктар эмес), 1942-жылдын 22-январынан 15-апрелине чейин «Өмүр жолу» аркылуу – 554 186 адам чыгарылган. Экинчи эвакуация этабы учурунда, 1941-жылдын сентябрынан 1942-жылдын апрелине чейин шаардан, негизинен Ладога көлү аркылуу өткөн «Өмүр жолу» менен жалпысынан 659 миңдей адам чыгарылган[17].

Эвакуациянын үчүнчү этабы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1942-жылдын майынан августуна чейинки көлдө сүзүүгө мүмкүн болгон мезгилинде 448 миң адам суу транспорту аркылуу чыгарылган[16]. 1941-жылдын июнунан 1942-жылдын 15-августуна чейинки мезгилде шаардан жалпысынан 1,5 миллион адам эвакуацияланган, 333 союздук жана республикалык баш ийүүдөгү ишкананын ичинен 133 толугу менен көчүрүлгөн[13]. 1942-жылдын августунда калкты массалык түрдө чыгаруу аяктаган. 1943-жылы көп балалуу үй-бүлөлөр, майыптар жана оорулуулар эвакуацияланып турган. 1943-жылдын 16-январынан 17-декабрына чейин 14 362 адам шаардан чыгарылган. 1943-жылдын 10-ноябрынан тартып Ладога көлү аркылуу эвакуация токтотулуп, анын ордуна блокададан убактылуу бошотулган Ладога жээги аркылуу темир жол менен жүргүзүлгөн[28]. 1943-жылдын 1-майына карата шаардын калкынын саны 640 миң адамды түзгөн. Согуш убагында Ленинграддан жалпысынан 1,738 миллион адам эвакуацияланган, анын ичинде 1,360 миллиону ленинграддыктар болгон. 1941-жылдын июлунан 1943-жылдын октябрына чейин Ленинграддан 70 319 станок жана башка технологиялык жабдуулар, 58 миң электр мотору, 22 от казан агрегаттардын комплекти, 23 гидро жана турбогенераторлордун комплекти, 93 паровоз, 6 миң темир жол вагону, 125 миң тонна кара металл жана 31 миң тонна түстүү металл чыгарылып кеткен.

Эвакуациянын жыйынтыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардан чыгарылган абалы начар адамдардын бир бөлүгүн куткарууга мүмкүн болгон эмес. «Чоң жерге» жеткирилгенден кийин дагы бир нече миң адам ачкачылыктын натыйжасында каза болгон. Дарыгерлер ачка адамдарга тез жардам берүүнүнүн ыкмаларын билген эмес, ачкалыктан жабыр тарткан адамдар сапаттуу тамак-ашты жегенден кийин каза болгон учурлар дагы катталган. Эгерде эвакуациялангандарды жайгаштырган жерлердин жергиликтүү бийликтери ленинграддыктарды тамак-аш жана квалификациялуу медициналык жардам менен камсыз кылуу боюнча өзгөчө аракеттери болбогондо, курмандыктардын саны андан да көп болмок эле.

Согуштан кийин көптөгөн эвакуациялангандар Ленинграддагы үйлөрүнө кайтып келе алышкан эмес. Алар «Чоң жерде» түбөлүккө отурукташып калышкан. Көпкө чейин Ленинград жабык макамындагы шаар болгон. Ленинградга кайтуу үчүн туугандардан чакыруу керек болгон. Бирок, аман калгандардын көпчүлүгүнүн туугандары блокада учурунда каза болуп калышкан.

Курчоодо калуунун жыйынтыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1977-жылы «Just and Unjust Wars» («Адилеттүү жана адилетсиз согуштар») деген китебинде америкалык саясий философ Майкл Уолцер төмөнкүдөй жазган «Ленинграддын блокадасында Гамбург, Дрезден, Токио, Хиросима жана Нагасакиде курман болгондордон да көп жарандык адамдар каза тапкан»[29].

Ленинград шаарынын блокадасынын натыйжасында каза болгон адамдардын саны
1941 июль авг сент окт нояб дек 1942 янв фев март апр май июнь июль авг сент окт нояб дек
Ленинградда каза болгондор (миң адам) 4,162 5,357 6,808 7,353 11,08 52,88 101,6 107,5 98,97 79,77 53,18 33,77 17,72 8,965 4,669 3,691 3,213 3,496
алардын арасынан 1 жашка чейинки балдар (миң адам) 1,211 1,792 1,239 1,471 2,012 5,959 7,199 5,636 3,988 2,639 1,810 1,079 0,722 0,342 0,178 0,121 0,089 0,079
Ленинградда, Колпинодо жана Кронштаддаказа болгондор (миң адам) 127,0 122,7 98,48 66,36 43,13 24,67 15,18 7,612 4,514 3,518 3,381 4,035
Гусарова Анна Ивановна — фронтовиктин жубайы аткылоо учурунда жаракат алган. 1943-жыл, декабрь

Блокада жылдарында курман болгондордун саны ар кайсы маалыматтар боюнча 600 миңден 1,5 миллион адамга чейин[30][31]. Мисалы, Нюрнберг процессинде өзгөчө кырдаалдар комиссиясы тарабынан аныкталган блокада курмандарынын саны 632 253 адам (анын ичинде 3% гана бомбалоо жана артиллериялык аткылоодон каза тапкан, калган 97% ачкачылыктан, сууктан жана оорулардан каза болушкан) деп жарыяланган[32]. Көп жылдар бою бул сан СССРде блокаданын расмий курмандарынын саны катары эсептелген. Сталин берген уруксат менен Ленинграддын элитасынын өлтүрүлүшү, шаардын ЖОЖдорунда жана илимий борборлорунда жүргүзүлгөн тазалоолордун изин жашыруу максатында, курмандардын санын тактоо аракеттери борбордук бийлик тараптан токтотулган жана мындай аракет кылгандарга бөгөт коюлуп турган.

Москва Жеңиш паркындагы «Вагонетка» эстелиги

1965-жылы ленинграддык изилдөөчүлөр Соболев Г.Л. жана Ковальчук В.М. ачкачылыктан гана каза болгондордун саны 800 миңден кем эмес деп көрсөтүшкөн[33]. Кийинчерээк бул сан «Ленинград тарыхынын очерктери»[34] жана Жуков Г.К. «Эскерүүлөр жана ойлор» (1969, 1974) эмгектеринде да кайталанган. Жооп катары Павлов Д.В. СССРдин Коммунистик партиясынын борбордук комитетине кайрылып, бул авторлорду расмий көрсөтүлгөн курмандардын санын көбөйтүү аркылуу советтик расмий маалыматтардын жалган экенин далилдөөгө жана расмий маалыматтарга шек көрсөтүп жатат деп айыптап, расмий жарыялангандардан башка эч кандай сандарды жарыялоого жол бербөөнү талап кылган. Павловду Ленинград обкомунун биринчи катчысы Романов Г.В. колдогон. Тиешелүү чечим кыска мөөнөттө кабыл алынган[35].

Ооруканадагы, фашисттердин аткылоосунан жарадар болгон жаш балдар

Блокада курмандарынын санын изилдөө аракеттери талаш-тартыштар менен коштолгон. «Улуу Ата Мекендик согуш 1941-1945» энциклопедиясында советтик расмий маалыматтар «шаардын чегинде каза болгон таанылбаган блокадалыктар жана эвакуация убагында ачкачылыктан каза болгон ленинграддыктар эске алынбагандыгынын» себебинен каза болгондордун саны так эмес жана азайтып берилгендигин тастыктаган. «Ленинград үчүн салгылашуу» макаласынын авторлору биринчи томдо «блокада убагында ачкачылыктан жана аткылоодон 641 миңден ашык жаран (башка маалыматтар боюнча, 1 миллионго чейин) каза тапкан, он миңдеген адамдар эвакуация убагында каза болгон» деген маалыматты жарыялашкан[36]. Бул суроону изилдеген окумуштуулар каза болгондордун саны  641 миң менен 1 миллиондун ортосунда деп белгиленип келишет.

1941-1944-жылдары нацисттик Германиянын аскерлери жана алардын тарапташтары тарабынан Ленинград блокадасынын геноцид катары таанылышы жөнүндө Санкт-Петербург шаардык сотунда каралган иштин жүрүшүндө айыптоочу тарап блокаданын такталган курмандарынын санын 1,09 миллион адам, анын ичинде 10% гана авиациялык жана артиллериялык аткылоолордон, калгандары ачкачылыктан каза болушкан деп көрсөткөн[37].  

Ленинграддын жарандык калкынын бомбалоо жана артиллериялык аткылоодон болгон жоготуулары: каза болгондор 17 миңге жакын, жарадар болгондор 34 миңге жакын адамды түзгөн[38]. Кийинчерээк немис авиациясы жана артиллериясынан каза болгондордун саны такталып, каза болгондордун саны 20 811 адамга чейин көбөйтүлгөн[39].  

Эвакуациянын бардык этаптарында дагы калкты жоготуулар болгон. Мисалы, 1942-жылдын январынан апрелине чейин Шлиссельбург булуңунун батыш жээгиндеги темир жол бекеттеринде 2863, Жихарево бекетинде (булуңдун чыгыш жээгинде) 1536 каза болгон адамдардын сөгү жерге берилген. Ладоганын чыгыш жээгинен Вологдага барган поезддерде 1942-жылдын 20-мартына чейин 2100 адам каза тапкан. 1942-жылдын февралынан апрелине чейин Бабаево, Череповец жана Вологдада 5 миңге жакын эвакуациялангандар каза болгон. Ярославльда жана анын облуста 1942-жылы 8 миңден ашык адам каза болгон[40]. Ярославль облусунда 1943-жылы 831 адам, 1944-жылы 327 адам каза болгон[41].  

Блокада убагында каза болгон ленинграддыктардын көпчүлүгүнүн сөгү Калинин районундагы Пискарёвский мемориалдык көрүстөнүнө коюлган[42]. Көрүстөндүн аянты 26 га, дубалдарынын узундугу 150 м жана бийиктиги 4,5 м. Таш такталарына блокаданы башынан өткөргөн жазуучу Ольга Берггольцдун ыр саптары жазылган. 186 мүрзөгө ачкачылыктан, бомбалоодон, аткылоодон каза болгон 420 миң шаардык жарандар жана Ленинградды коргогон 70 миң аскер коюлган.

Блокада убагында каза болгон жана өлгөн ленинграддыктардын көптөрү Серафимовский көрүстөнүнө да коюлган. 1941-1944-жылдары бул жерде 100 миңден ашык адам көмүлгөн. Өлгөндөрдү шаардын дээрлик бардык көрүстөндөрүнө коюшкан.  

Көптөгөн каза болгон ленинграддыктар кремацияланган. 1942-жылдын февралында сөөктөрдү Ижорский заводдунун термиттик мештеринде, ал эми 1942-жылдын мартынан тартып №1 Кыш (кирпич) заводунда кремацияланган[40]. 1942-жылдын 7-мартынан 1-декабрына чейин кыш (кирпич) заводунда 117 миң сөөк кремацияланган[17]. Согуштан кийин заводдун ордунда Москва Жеңиш паркы түзүлгөн.

Баатыр-шаар наамынын ыйгарылышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-жылдын 1-майында Жогорку Башкы колбашчы Сталин И.В. буйругу менен Ленинград шаары «Сталинград», «Севастополь» жана «Одесса» менен биргеликте блокада убагында шаардын тургундары көрсөткөн эрдиктери үчү «Баатыр шаар» деген наам алган.

1965-жылдын 8-майында СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен «Баатыр шаар» Ленинград «Ленин» ордени жана «Алтын Жылдыз» медалы менен сыйланган.

Маданий эстеликтерге келтирилген зыян

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Петергофтун урандылары

Блокада учурунда аткылоолордун кесепетинен тарыхый имараттар жана эстеликтер чоң зыян келтирилген. Эгерде аларды жашыруу боюнча өтө натыйжалуу чаралар көрүлбөгөндө, зыян андан да чоң болмок эле. Шаардын эң маанилүү объектилерин жашыруу планы согушка чейин эле Ленинграддын башкы архитектору Николай Баранов жана анын орун басары Александр Наумовдун жетекчилигиндеги архитекторлор тобу тарабынан иштелип чыккан. Ленинграддагы маанилүү объектерди жашыруу иштери 1941-жылдын 26-июнунда, согуштун бешинчи күнүндө башталган[43][44]. Ошол эле учурда шаардан баалуу музей экспонаттары тезинен эвакуацияланып башталган. Бул операцияны мамлекеттик эстеликтерди коргоо инспекциясынын кызматкерлери Николай Белехов жетектеген. Эвакуация менен бирге башкармалыктын кызматкерлери монументтерди жана эстеликтерди коргоо боюнча иштерди жүргүзгөн, алар постаменттерден түшүрүлүп, жерге көмүлгөн. Петр I эстелиги, Исаакий соборунун алдындагы Николай I эстелиги жана Финляндия бекетинин жанындагы Лениндин эстелиги сыяктуу кээ бир эстеликтер кумдуу толтурулуган каптар жана фанерадан жасалган калкандар менен жабылган[45].

Ленинграддын немис аскерлери тарабынан ээленген четтери жана фронтко жакын жайгашкан тарыхый имараттарга жана эстеликтерге чоң толукталгыз зыян келтирилген. Кызматкерлердин эрдиктүү эмгегинин аркасында көптөгөн буюмдар сакталып калган. Бирок эвакуацияланууга мүмкүн болбогон парктардын жашыл өсүмдүктөрү жана активдүү кагылуушулар болуп турган аймактардагы имараттар талкаланган. Павловск сарайы өрттөнүп, анын паркындагы 70 000ге жакын дарактар кыйылып жок болунган[46]. Пётр Iге Пруссия падышасы тарабынан берилген атактуу Янтарь бөлмөсү толугу менен немис аскерлери тарабынан шаардан чыгарылып кеткен, Янтарь бөлмөсүнүн тагдыры азыркыга чейин белгисиз.  

Азыр толугу менен калыбына келтирилген Феодоров Государев собору блокада учурунда толугу менен урандыга айланган. Ошондой эле немис аскерлери чегинген кезде Царское селодогу Улуу Екатерина сарайы өрттөлгөн.

Европадагы эң кооз деп эсептелген жана Санкт-Петербург шаарынын чыгаан атуулдары коюлган «Свято-Троицкая Сергиева Приморская пустынь» чиркөөсүнүн аймагындагы көрүстөндүн толугу менен талкаланышы тарыхтагы орду толтуз маданий жоготуу болуп калды.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  1. 1 2 Военно-исторический журнал. Фролов М. И. Финские войска в блокаде Ленинграда
  2. Большая российская энциклопедия 2004–2017. Ленинградская блокада 1941-44
  3. Дашичев В.И. Банкротства стратегии германского фашизма
  4. Демоскоп Weekly. Всесоюзная перепись населения 1939 года. Национальный состав населения по регионам России
  5. Кринов Ю. С. Лужский рубеж. Год 1941-й. — Л.: Лениздат, 1983.
  6. Данилов П. П. Промышленность Ленинграда в годы блокады (сентябрь 1941 - декабрь 1943 г.) / Данилов Павел Петрович // Отечественная история. - 2003. - № 3
  7. Лебедев Ю. М.Перевод: Йоханнес Хюртер. «Вермахт под Ленинградом. Боевые действия и оккупационная политика 18-й армии осенью и зимой 1941/42 годов»
  8. Йокипии М. Финляндия на пути к войне. Исследование о военном сотрудничестве Германии и Финляндии в 1940-1941. — Петрозаводск: Карелия, 1999. — 370 с. — 1000 экз. — ISBN 5-7545-0735-6.
  9. Независимая газета. Александр Борисович Широкорад. Мифы забытой войны
  10. Широкорад А. Б. Северные войны России. — СПб.: АСТ, 2001. — 848 с. — (Военно-историческая библиотека). — 7000 экз. — ISBN 5-17-009849-9.
  11. Барышников Н. И. Блокада Ленинграда и Финляндия 1941—1944. — Хельсинки; СПб.: Институт Йохана Бекмана, 2002. — 300 с. — ISBN 952-5412-10-5.
  12. Военно-исторический журнал. Тарасов М. Я.. Памятные этапы Битвы за Ленинград
  13. 1 2 3 4 5 6 Карасёв А. В. Ленинградцы в годы блокады.М.: Издательство Академии наук СССР, 1959. — 312 с. — 50 000 экз.
  14. Хомяков И. М.. На Лужском рубеже. История 24-й танковой дивизии РККА. — СПб.: Торгово-издательский дом МИТРА, 2017. — 248 с. — 1000 экз. — ISBN 5859021852. — ISBN 9785859021857.
  15. Попов М. М. // Оборона Ленинграда, 1941-1944: Воспоминания и дневники участников / Предисл. маршала М. В. Захарова. — Л.: Наука, 1968.
  16. 1 2 3 Ковальчук В. М. Ленинград и Большая Земля. — Л.: Наука, 1975.
  17. 1 2 3 4 Блокада Ленинграда в документах рассекреченных архивов / под ред. Н. Л. Волковского. — М.; СПб.: АСТ; Полигон, 2004. — 766 с. — (Военно-историческая библиотека). — 3500 экз. — ISBN 5-17-023997-1. — ISBN 5-89173-262-9.
  18. Цирлин А. Д., Бирюков П. И., Истомин В. П., Федосеев Е. Н. Инженерные войска в боях за Советскую Родину.М.: Воениздат, 1970. — 84 с.
  19. Кислицин Н. Г.. Ленинград не сдаётся. — М.: Прогресс, 1995. — 352 с. — 10 000 экз. — ISBN 5-01-004557-5.
  20. Ленинград. Блокада. Подвиг. Большой Сабск в Великой Отечественной войне.. Текшерилген күнү 15 -февраль (бирдин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 22 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  21. 1 2 Дзенискевич А. Р., Ковальчук В. М., Соболев Г. Л., Цамутали А. Н., Шишкин В. А. Непокорённый Ленинград: Краткий очерк истории города в период Великой Отечественной войны. Ред. В. М. Ковальчук. — 3-е изд., перераб. и доп. — Л.: Наука, 1985. — 327 с. — (Борьба народов против фашизма и агрессии).
  22. 1 2 Барышников Н. И., Барышников В. Н., Фёдоров В. Г. Финляндия во второй мировой войне. — Л.: Лениздат, 1989. — 336 с. — ISBN 5-289-00257-X.
  23. Архив Министерства обороны РФ. Полевое Управление Ленинградского фронта. Карта обстановки на фронте 23-й Армии к исходу 11.09.1941
  24. Маннергейм, Карл Густав. Мемуары. — М.: Вагриус, 1999. — ISBN 5-264-00049-2.
  25. Исаев А. В. Котлы 41-го. История ВОВ, которую мы не знали. — М.: Яуза, Эксмо, 2005. — 400 с. — ISBN 5-699-12899-9.
  26. Жизнь и смерть в блокированном Ленинграде. Историко-медицинский аспект / под ред. А. Р. Дзенискевича. — СПб.: Дмитрий Буланин, 2001. — 269 с. — 800 экз. — ISBN 5-86007-324-0.
  27. 1 2 Кантор Ю. З. До Дороги жизни // Дилетант. — 2022. — № 074
  28. Ковальчук В. М. Дорога победы осаждённого Ленинграда: железнодорожная магистраль Шлиссельбург- Поляны в 1943 г. / под ред. Г. Д. Комкова. — Л.: Наука, 1984
  29. Michael Walzer. Just and Unjust Wars
  30. Кантор Ю. З. «Подвиг свой ежедневный вы совершали достойно и просто». 70 лет назад была прорвана блокада Ленинграда // Российская газета. — 2013. — 18 января (№ 9 (5985))
  31. Коллектив авторов. Том 1: Основные события войны // Великая Отечественная война 1941—1945 годов: в 12 томах. — Изд. доп. и испр.. — М.: Кучково поле, 2015. — Т. 1. — 976 с. — 2000 экз. — ISBN 978-5-9950-0534-6.
  32. Рубцов Ю. В., Лурье В. М. Блокада Ленинграда: все ли жертвы учтены? // Военно-исторический журнал. — 2000. — № 3. — С. 30—33.
  33. Ковальчук В. М., Соболев Г. Л. Ленинградский «реквием» (о жертвах населения в Ленинграде в годы войны и блокады). Вопросы истории: журнал. — 1965. — № 12.
  34. Очерки истории Ленинграда. Ред. Ковальчук В. М.. — Л.: Лениздат, 1967. — Т. 5. — 749 с
  35. Рубцов Ю. В., Лурье В. М. Блокада Ленинграда: все ли жертвы учтены?. Военно-исторический журнал. — 2000. — № 3. — С. 30—33.
  36. Коллектив авторов. Том 1: «А» — Бюлов // Военная энциклопедия в 8 томах / Председатель Главной редакционной комиссии И. Н. Родионов. — М.: Воениздат, 1997. — Т. 1. — 639 с. — 10 000 экз. — ISBN 5-203-01655-0.
  37. Красноженова Е. Е. Тотальный голод стал главной причиной многочисленных жертв среди ленинградцев. Продовольственная ситуация в блокадном Ленинграде в 1941—1944 годах. Военно-исторический журнал. — 2024. — № 1. — С. 58—65.
  38. Акт Ленинградской городской комиссии о преднамеренном истреблении немецко-фашистскими варварами мирных жителей Ленинграда и ущербе, нанесённом хозяйству и культурно-историческим памятникам города за период войны и блокады. — Л.: Госполитиздат, 1945.
  39. Поспелов П.Н.  История коммунистической партии Советского Союза
  40. 1 2 Ковальчук В. М. 900 дней блокады: Ленинград 1941-1944.СПб.: Дмитрий Буланин, 2005. — 234 с. — ISBN 5-86007-474-3.
  41. Жизнь и смерть в блокированном Ленинграде. Историко-медицинский аспект. Ред. А. Р. Дзенискевича. — СПб.: Дмитрий Буланин, 2001. — 269 с. — 800 экз. — ISBN 5-86007-324-0.
  42. Пискарёвское мемориальное кладбище. О мемориале
  43. Как Ленинград чуть не лишился Александровской колонны. В Петербурге сняли фильм-расследование об архитектуре блокады
  44. «Архитектура блокады» (2020)
  45. Новая газета. О городе как о близком друге
  46. Шварц В. С. Павловск: Дворцово-парковый ансамбль XVIII-XIX веков. — Л.: Искусство, 1980. — 136 с

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]