Ленц эрежеси

Википедия дан

Ленц эрежеси ― электр-магниттик индукция кубулушунун негизинде туюк өткөргүчтө пайда болгон индукциялык токтун багытын аныктайт. 1833-жылы орусиялык физиги Э. Х. Ленц аныктаган. Лэнц эрежесинде сырткы магнит агымынын өзгөрүшүнөн, туюк өткөргүчтө пайда болгон индукциялык токтун магнит талаасынын багыты дайыма сырткы магнит талаасынын өзгөрүшүн компенсациялоого багыттала тургандыгын көрсөтөт. Мындан туюк өткөргүчтөгү индукциялык токтун багытын аныктап алууга болот. Лэнц эрежеси энергиянын сакталуу закондорунан келип чыгат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7