Леонид Маевский
| Леонид Маевский | |
| Леонид Станиславович Маевский | |
| | |
| Туулган датасы: |
6 -сентябрь 1960 (65 жаш) |
|---|---|
| Туулган жери: | |
| Жарандыгы: | |
| Партиясы: |
РФКП фракциясы (3-чү чак.) |
| Ишмердүүлүгү: |
Мамлекеттик думанын 3-чү чакрылышынын депутатты |
| lmaevskiy.com | |
Леонид Маевский — 1960-жылы 6-сентябрда Орусиянын Рубцовск шаарында төрөлгөн. 1982-жылы Аскер-деңиздик училищесин аяктаган. СССРдин аскер-деңиз флотунда аскердик милдетин өтөгөн.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эмгек жолу:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1987-жылы дивизиянын үчүнчү даражадагы капитаны наамы ыйгарылган; 1993 – 1996 — Казакстандын байланыш министрлигинин алдындагы "Промтелерадио" ишканасын башкарган. "Хабар" улуттук телеканалынын эфирге чыгышына салым кошкондордун бири; 1997 — "Общероссийское" радиосунун директорунун орун басары, "Русский канал — всемирного русского телевидения" каналынын директорунун орун басары; 1998 – 1999 — "Новые технологии. XXI век" телекомпаниясынын директору; 2000 – 2003 — КПРФ партиясынан Мамлекеттик Думанын депутаты; 2004 – 2008 — LV Finance компаниясынын жетекчиси; Андан соң ал Россия, КМШ мамлекеттеринде телекоммуникациялык долбоорлор менен иштеген. Эл аралык операторлордун арты менен спутник аркылуу жогорку ылдамдыктагы инетернет таратуу боюнча долбоорлорду ишке ашырып келген.
2016-жылдын февраль айында УКМКга кайрылып, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ага MegaCom ишканасынын акциясын берем деп 1 миллион доллар алгандыгын айткан. Андан кийин депутатка карата кылмыш иши козголуп, ал УКМК тарабынан камакка алынган.