Леонов Михаил Яковлевич

Википедия дан

Леонов Михаил Яковлевич (4. 8. 1912, азыркы Армения, Головино айылы, – 19. 12. 1992, Бишкек) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1949), проф. (1950), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1961), КРдин илимине эмгек сиңирген кызматкер (1987). Москва инженер-курулуш институтун (1934), Днепропетровск университетин (1937) аяктаган. Украин ССР ИАнын Машина таануу жана автоматика институтунда бөлүм башчы (1946–61), ФМИде лаборатория башчы (1961–67), директордун орун басары (1967– 69), бөлүм башчы (1969–75), Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунда жетектөөчү илимий кызматкер (1975–92) болуп иштеген. Деформациялануучу катуу заттардын механикасы боюнча адис. 200дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 3 монографиянын автору. Эмгектери: Механика деформаций и разрушения. Физикоматематические основы теории. Ф., 1981; Прочность и устойчивость механических систем. Ф., 1987; Конструктивная механика. Современный курс сопротивления материалов и простейших конструкций. Ф., 1991.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7