Лесков Николай Семёнович

Википедия дан

Лесков Николай Семёнович (4(16). 2. 1831, азыркы Орёл облусу, Горохов кыштагы – 21. 2(5. 3). 1895, Санкт-Петербург) – орус жазуучусу. Орёл гимназиясында окуган. Жазуучулук ишин макала жана фельетон жазуудан баштаган. Алгачкы реалисттик аңгеме, повесттери: «Унутулган иш» (1862), «Бир катындын турмушу» (1863), «Мцен уездиндеги Макбет айым» (1865). 20-кылымдын 60-жылдары Лесков революциячыл демократия менен таймашып, чыгармаларында «жаңы адамга» каршы чыккан. 70-жылдары Лесков орус патриотторунун типтерин («Собордогулар», 1872; «Жүрөктөгү периште», 1873; «Кудайы момун Голован», 1880) жараткан. Ал – «Майышпас эрк» (1876), «Тулалык Сологой жана болот бүргө тууралуу санжыра» (1883), «Сүрөтчү чачтарач» (1883) ж. б. чыгармалардын автору. Лесков адабий жана элдик тилди ширелиштирип, баяндоо ыкмасына жандуу касиет кийирген. Чыгармалары: Полное собрание сочинений: В 30 т. М., 1996–2007. – Т. 1–10.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7