Лессировка

Википедия дан

Лессировка (немисче Lasierung) – кургап калган калың катмардын үстүнөн эң жука тунук жана жарым тунук боёкторду сүртүүдөн турган техникалык ыкмалардын бири; оптикалык орун которуу законуна ылайык живопистин деталына кылдат түстүк оңдоолорду киргизүү менен түстүн шайкештигине жана өзгөчө жеңилдигине жетишүү. Батыш Европада живопись техникасынын начарлашы менен импрессионизмден баштап, Л. дээрлик колдонуудан чыгып калган. Бирок реалисттик живопись үчүн анын мааниси чоң жана XIX кылымдын аягына чейин Л. өткөн замандын бардык көрүнүктүү сүрөтчүлөрүнүн (орус жана чет элдик) эң маанилүү техникалык каражаты болгону да кокусунан эмес. Техниканын ушул түрүнүн жардамы менен реалисттик живописте кээ бир кубулуштар сүрөттөлөт (мисалы, И. К. Айвазовскийдин картинасында күндүн желесинин сүрөттөлүшү).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]