Лещенко Лев Валерианович

Википедия дан

Лещенко Лев Валерианович (1. 2. 1942-ж. туулган, Москва) – орус совет эстрада ырчысы (бас-баритон), РСФСР эл артисти (1983). 1969-ж. ГИТИСти бүткөн. 1970-жылдан СССР мамлекеттик телерадиодо солист. Бүткүл союздук эстрада артисттеринин лауреаты (1970), Сопоттогу эл аралык ыр фестивалынын 1-сыйлыгын алган (Польша, 1972). Д. Ф. Тухмановдун (сөзү В. Г. Харитоновдуку) Жеңиш күнүнүн эмблемасы болуп калган. «Жеңиш күнү» (1975) ырын биринчи аткарган. 1980– 89-ж. «Росконцерттин» солисти. 1987–90-ж. Гнесиндер атындагы мамлекеттик музыкалык-педагогика институтунда вокал бөлүмүндө сабак берген. Репертуарында элдик жана эстрада ырлары, романстар бар. Лещенконyн аткаруусундагы В. Г. Добрыниндин «Жер жүзүндө сүйүү жашайт» (сөзү Л. П. Дербенёвдуку), Ю. С. Саульскийдин «Татьянанын күнү» (сөзү Н. М. Олевдики), В. Я. Шаинскийдин «Ыйлаба селки» (сөзү В. Г. Харитоновдуку), Д. Ф. Тухмановдун «Булбулдуу токой» (сөзү А. Г. Поперечныйдыкы) жана башка ырлар элге кеңири белгилүү. 1990-ж. мамлекеттик эстрада театрын уюштурган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7