Либералдык партиялар

Википедия дан

Либералдык партиялар - инсанга карата болгон мамлекеттик жана коомдук мажбурлоонун деңгээлин азайтуу максатында, саясий жана экономикалык программаларды, идеялык-саясий көрсөтмөлөрдү корутундулаганда түзүлөт.

Ушул идеялык негизде XIX к. бир катар саясий партиялар түзүлгөн. Алар өз программаларын адам укугун инсандын баалуулугун, бийлик системасында бийликти бөлүштүрүүнүн, иш тандоо эркиндигин жана атаандаштык эркиндигин таанууга негиздешкен. Саясий либерализм агартуучулуктун идеяларына - коомдук келишим, адамдын табигый абалы, адамдын укуктарынын «тубасалыгы» жөнүндөгү окууга (Дж. Локктун саясий философиясы, И.Канттын этикасы жана укуктук философиясы) негизделген. Бирок либерализм логикасына ылайык, эркин инсан моралдык жоопкерчиликке да ээ. Ошондуктан индивиддин эркиндиги жана анын социалдык жоопкерчилиги ажырагыс болушат. Инсандын эркиндигинин ушундай түшүнүүсүндө укуктук мамлекет ылайык келет. Мамлекет өзүнүн ишмердүүлүгүн инсандын экономикасына (А.Смит), рынок экономикалык ишмердүүлүгүнө (М.Бентам, Дж.С. Милль, Т.Спенсер) кийлигишүүсүз укуктук мейкиндикти сактап калуу менен чектейт. Ушул абалда алардын консерватордук жол менен идеологиялык айырмачылыгы байкалат. Себеби алар коомдук жашоонун «индивидуалдуулуктан жогорку» баалуулуктарынын маанилүүлүгүн жана жашоонун адатта калыптанган формаларынын биринчилигин белгилеп турушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8