Лив Тайлер

Википедия дан

Лив Рундгрен Тайлер (англ. Liv Rundgren Tyler; туулгандагы аты: Liv Rundgren; 1977-жылы 1-июлда туулган) - америкалык актриса жана мурунку модель. Ал Aerosmith тобунун башкы солисти Стивен Тайлер жана модель Бебе Буелдин кызы.

Тайлер 14 жашында моделдик кесипти баштаган, бирок бир жылга жетпей актердук кесипти аркалоону чечкен. Ал "Үнсүз кармашуу" (англ. Silent Fall,1994) тасмасында дебюттук түрдө тартылгандан кийин, "Империя дүкөнү" (англ. Empire Records, 1995), "Татаал" (англ. Heavy, 1996) жана "Сен жасаган нерсе" (англ. That Thing You Do!, 1996) сыяктуу тасмаларда экинчи пландагы ролдорду аткарган. . Ал кийин "Уурдалган сулуулук" (англ. Stealing Beauty, 1996) аттуу тасмада, каза болгон апасынын сүрөтчү досторуна Италияга конокко барган баш каарман өспүрүм кыздын ролун аткарган. Ошондой эле Тайлер "Эбботордун ойдон чыгарылган жашоосу" (англ. Inventing the Abbotts, 1997) жана "Бакыт Дөңгөлөгү" (англ. Cookie's Fortune, 1999) тасмаларында экинчи пландагы ролду аткарган. Ал эми "Армагеддон" (англ. Armageddon, 1998) тасмасында Брүс Уиллистин кызынын жана Бен Аффлектин сүйүктүүсүнүн ролун жараткан.

Тайлер, "Шакектердин ээси" (англ. The Lord of the Rings, 2001 - 2003) үчилтигинде эльф Арвен Ундамиелдин ролун аткаруу менен эл аралык атактуулукка жеткен. Буга кошумчалай "Жерсилик кыз" (англ. Jersey Girl, 2004) комедиялуу тасмада, "Жалгызсыраган Жим" (англ. Lonesome Jim, 2005) аттуу инди тасмада, "Жалгызсыраган шаар" (англ. Reign Over Me) аттуу драмада, жана чоң бюджеттүү тасмалар: "Армагеддон" (англ. Armageddon, 1998), "Чоочундар" (англ. The Strangers, 2008) аттуу коркуу тасмада жана "Укмуштуу Халк" (англ. The Incredible Hulk (2008) сыяктуу көп сандаган тасмаларда тартылган.

2014-жылы Тайлер HBO телеканалындагы "Калгандар" (англ.The Leftovers) телесериалында дебюттук ролун жараткан. Ал ошондой эле 2003-жылдан бери Кошмо Штаттардагы Бириккен Улуттар уюумунун Балдар Фондунда ( ЮНИСЕФ) ыктыярчы элчи жана Гивенчинин атыр жана косметика үрүндөрүнүн таанытуучу өкүл катары иштейт.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]