Мазмунга өтүү

Лигети (Ligeti) Лайош

Википедия дан

Лигети (Ligeti) Лайош (28.10.1902, Балашшадьярмат, Венгрия), венгр (мажар) чыгыштаануучусу, академик, Венгрия Илимдер академиясынын анык мүчөсү. 1939—1972 жж. Будапешт университетинин Түркологи жана Борбордук Азиянын филологиясы кафедрасын жетектеген. Мындан сырткары, илим чөйрөсүнө монголтаануучу жана кенен профилдүү алтаист катары белгилүү. 1928-1931 жж. Кытайга илимий экспедиция уюштурган. 1936-1937 жж. Афганистанда, 194-ж. Японияда илимий сапарларда болгон. Жыйнаган материалдардын басымдуу бөлүгүн өзү редакторлук кылган, 1950-ж. жарык көрө баштаган "Acta Orientalia Academiae Scien Hungaricae" академиялык илимий журналдарга басып чыгарган. «Чакан» журджен (чжурчжэнь) иероглифтерин чемелеп окуп чыккан. Алтай тилдеринин өз ара байланыштары боюнча эмгектери илим чөйрөсүнө белгилүү. «Кыргыз» этнониминин маниси жана кыргыздардын эиностук тарыхы боюнча да пикирлери бар

Негизги эмгектери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

(Ligeti), Лайош (p. 28.X.1902) - венг. востоковед, академик (с Соч.: Catalogue du Kanjur mongol imprimé, v. 1, Bdpst, 1942; Mots de civilisation de Haute Asie en transcription chinoise, "Acta Orientalia", 1950, t. 1, fasc. 1; A propos de l'écriture mandchoue, там же, 1952, t. 2, fasc. 2-3; Le lexique moghol de R. Leech, там же, 1954, t. 4, fasc. 1-3; Le Pokia sing en écriture Phags-pa, там же, 1956, t. 6, fasc. 1-3; Sur la langue des Afchars d'Afghanistan, там же, 1957, t. 7, fasc. 2-3; Les mots solons dans un ouvrage chinois des Ts'ing, там же, 1959, t. 9, fasc. 3; Un vocabulaire mongol d'Istanboul, там же, 1962, t. 14, fasc. 1; A mongolok titkos története. Préface, traduction, postface, notes ext., Bdpst, 1962; Recueil de mouvements de la langue mongole, t. 1-3, Bdpst, 1963-64.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015