Лидерчилик (философия)

Википедия дан

Лидерчилик (англ. leader – жолбашчы, башкаруучу, жетекчи) индивид же социалдык топ лидерликтин ролун аткарганда, топтук ишмердүүлүктү интеграциялоонун (бириктирүү) бир механизми, болуп аталат топтун аракетин бириктирет, багыттайт, күтүүлөрүн кабыл алат, анын аракетин колдойт. Лидерчилик «башкарат», «жетектейт» деген түшүнүктөргө жамынып, топтордогу же уюмдардагы мамилелердин өзгөчө формасын жарым-жартылай мүнөздөйт[1].

Лидерчиликтин тиби бардык учурда коомдун, түзүлүштүн табиятынын өзгөчө мүнөзү жана топтун структурасын конкреттүү тарыхый кырдаал менен байланыштыруу проблемасы кылымдар боюу көңүлдү өзүнө тартып келген. Геродот, Плутарх жана башка антикалык тарыхчылар белгилүү атактуу лидерлерди – монархтардын, колбашчылардын аракеттерин жазып келишкен. Макивелли каражаттын аркыл формаларын колдонуп саясий максатка жетишкен лидер-падышанын образын сүрөттөгөн. Лидерчиликти буржуазиялык коомдук түзүлүштөн волюнтаристтик көз карашта кароону Карлейл жана Эмерсон өнүктүргөн. Ницше үчүн Лидерчилик адамдын «чыгармачыл инстинктинин» көрүнүшү; моралды – начарлардын куралы катары карап кабыл, албай коюуга акылуу, Тардар үчүн лидерге ырааттуу окшоштуруу, тууроо-социалдык турмуштун негизки мыйзамы. Фрейд үчүн либидону басмырлоо медерликке умтулууга өтүп кетиши мүмкүн, масса үй-бүлөнүн атасынын авторитетине окшош авторитетке мукташ. Лидерчиликти изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү, М. Вебер иштеп чыккан авторитеттик типологиясына таянат. Азыркы социалдык проблемалар эмприкалык иликтөөлөргө которулат. Лидерчиликтин психологиясын жана социалдык психологиялык аспектисин таап чыгыш үчүн кичи топтордо тажрыйба жүргүзүлөт. Мында социологиялык анализден таптык мамилелер алынып салынат.

Лидерчиликти изилдөө, Лидечиликти табуунун эффективдүү методдорунун багытын иштеп чыгуу жана лидерлерди тандап алуу. Психометрикалык жана социометрикалык, тестер жана методикалар (К. Левин, , Х. Дженнинге, К. Фидлер – АКШ жана башка) түзүлгөн. Аларды кичи топторго пайдалануу белгилүү натыйжаларга алып келүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8
  1. Лидердин инсанын өнүктүрүүнүн пайдубал негиздери