Лиза Кудроу

Википедия дан

Лиза Валери Кудроу (англ. Lisa Kudrow; /ˈkuːdroʊ/; 1963-жылы, 30-июлда туулган) - америкалык актриса, куудул, жазуучу жана продюсер. Ал NBC телеканалындагы он сезондук "Достор" (анг. Friends) аттуу телесериалда Фоеби Баффейдин ролун аткаруу менен дүйнөлүк атактуулукка жеткен. Ошондой эле бул ролу үчүн мактоолорго арзып, "Primetime Emmy Award" сыйлыктарынын алты наамына көрсөтүлгөн жана 1998-жылы бул сыйлыкка ээ болгон. Буга кошумчалай "Киноактерлордун Гилдия сыйлыгы" аттуу сыйлыктардын он эки наамына көрсөтүлүп, 1996 жана 2000-жылдары эки жолу бул сыйлыкка ээ болгон.

2005-жылы ал HBO телеканалындагы "Кайтып келүү" (анг. Comeback) телесериалына продюсерлик кылып, сценарийин жазып жана тартылган. Ал эми тогуз жылдан кийин 2014-жылы экинчи сезонун көрсөткөн. Кудроу комедия сериалдарында башкы ролду мыкты аткаргандыгы үчүн "Primetime Emmy Award" сыйлыгына сериалдын эки сезону үчүн тең (2006-2015-жылдар) наамга көрсөтүлгөн. Ал ошондой эле Showtime телеканалында төрт сезону тең көрсөтүлгөн "Веб-терапия" (анг. Web Therapy) телесериалында тартылган. Ал сериялдардын продюсери катары жана 2012-жылдагы сериялар үчүн "Primetime Emmy Award" сыйлыгынын "Кыска форматтагы жандуу- экшн жана көңүл ачүүчу эң мыкты программа" наамына көрсөтүлгөн. Жана Кудроу TLC телеканалындагы "Сен өзүңдү ким деп ойлойсуң" (анг. Who Do You Think You Are) аттуу реалити программанын башкы продюсери. Ал эми бул программа 2012-2014-жылдардагы сериялары үчүн "Primetime Emmy Award" сыйлыгынын "Эң мыкты реалити программа" наамына көрсөтүлгөн.

Телеберүүлөрдөн тышкары, Кудроу бир нече көрүнүктүү кинолорго тартылган. Анын ичинде "Роми жана Мишелдин мектептеги жолугушуусу" (анг. Romy and Michele's High School Reunion, 1997), "Секстин башка тарабы" (анг. The Opposite of Sex, 1998), "Муну изилде" (анг. Analyze This, 1999) жана анын уландысы "Тигини изилде" (анг. Analyze That, 2002), "Доктур Дуллитл 2" (анг. Dr. Dolittle 2, 2001), "Кызыктар өлкөсү" (анг. Wonderland, 2003), "Хэппи энд" (анг. Happy Endings, 2005), "П.С. Мен сени сүйөм " (анг. P.S. I Love You, 2007), "Бэндслем" (анг. Bandslam, 2008), "Иттер үчүн мейманкана" (анг. Hotel for Dogs, 2009), "Жеңил ойлуу мыкты окуучу" (анг. Easy A, 2010), "Кошуналар" (анг. Neighbors, 2014), анын уландысы "Кошуналар 2: Чыңалуу өсүүдө" (анг. Neighbors 2: Sorority Rising, 2016) жана "Поезддеги кыз" (анг. The Girl on the Train, 2016) бар.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]