Лизиметр

Википедия дан

Лизиметр (гр. lysis — эрүү жанa метр) — табигый шартка ылайык суунун топурактап өтүү (сиңүү) процессин изилдөөгө арналган жасалга.

Конструкциясы ар кыл. 1904-ж. В. В. Вильямс 2 катарлуу бетон үкөктөн Лизиметр жасап, топурак толтуруп, суу куйган. Лизиметрден өткөн суунун саны күн сайын көп жыл бою ченелип турган.

Кийинчирээк Лизиметр металлдан жасалган. Топурактьш суу режимин изилдөө, андагы минералдык жанa орг. заттардын кычкылданышын эсептөө үчүн колдонулат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.