Ликeрг

Википедия дан

Ликeрг (Lykurgos, биздин заманга чейин 9–8-к.) – легендарлуу спарталык мыйзам чыгаруучу. Айрым окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча Ликeрг жөнүндө так маалыматтар жок. Биздин заманга чейин 5–4-кылымдагы грек авторлору Ликeргду Спартанын коомдук жана мамлекеттик түзүлүшүн (герусия, апелла, Спартадагы жер бөлүштүрүү жана башка институттарды) түзгөн жана лакон жерин экиге бөлүп, чоң жерди спартиаттарга, майдасын периэктерге берип, элдик чогулушту (апеллалар) негиздеген деп эсептешкен. Ликeргдун доорун кайра жаратуу максатында биздин заманга чейин 3-кылымда падышалар Агис IV жана Клеомен III реформа жүргүзүшкөн. Азыркы учурда Ликeрг гректер ойлоп чыгарган адам катары саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7