Лилиялар

Википедия дан
Lilium bulbiferum.

Лилиялар (лат. Liliaceae) – бир үлүштүү өсүмдүктөрдүн катары жана тукуму. Азык-тамырлуу, пияз түптүү, түймөк-пияздуу көп жылдык чөптөр. Жалбырагы бүтүн; гүлү эки жыныстуу, 3 мүчөлүү, жалгыздан же чачыдай, шыпыргыдай топ гүлгө чогулган, аталыгы 6. Гүл коргону түрдүү түстө. Мөмөсү – кутуча же мөмө. Курт-кумурскалар, куштар чаңдаштырат. Уругу, азык-тамыры, пияз түбү жана башка менен көбөйөт. Гүлү жалгыздан же көбүнчө чачыдай топ гүлгө чогулган.

Лилиялар катарынын 20дай тукуму, 45тей уруусу, 1300дөй түрү жер бетинин бардык жеринде, көбүнчө субтропик жана мелүүн алкактарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө 26, Кыргызстанда 15 уруусу (каз пияз, мандалак, лилия жана башка) 340тай түрү бар. Лилиялар катарына көптөгөн дары (мончок гүл, алое жана башка), жашылча (пияз, сарымсак, спаржа), техника (эремурус), кооз (лилия, мандалак жана башка) өсүмдүктөр кирет. Алардын арасында балдуу, ошондой эле адам менен жаныбарга уулуусу да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7