Линвистикалык терминология

Википедия дан

Линвистикалык терминология (термин - грек, logos - сөз, окуу) - тил илиминдеги атайын түшүнүктөрдү жанa типтүү объектилерди туюндуруу үчүн колдонулган сөздөрдүн жанa сөз айкалыштарынын жыйындысы.

Линвистикалык терминология өз ичине :

  • 1) нак терминдерди,
  • 2) өзгөчө сөз айкаштары менен алардын эквиваленттерин камтыйт. Тил таануучулук түшүнүктөр менен категориялардын системасы болуп эсептелген Линвистикалык терминологияны спецификалык аталыштардын системасы болгон номенклатурадан айырмалай билүү зарыл. "Фонема", "морфема", "артикуляция", "синтаксис" ж.б. - терминдер. Ошентсе да, терминдер менен номенклатуралык белгилердин ортосундагы чек кыймылдуу келет; тигил же бул номенклатуралык белги бир кыйла жалпы универсалдык мазмунга же мүнөзгө ээ болушуна жараша, терминге айлануусу мүмкүн.

Линвистикалык терминология - семасиологиялык система, б.а., белгилүү бир илимий көзкараш, дүйнө таанымды туюндурган түшүнүктөрдүн системасынын чагылдырылышы. Илим өнүгүүнүн кыйла жогорку баскычына жеткенде гана терминология пайда болот. Же болбосо түшүнүк өнүгүп, калыптанып, аны белгилүү бир илимий аталышка ээ кылуу зарылдыгынан термин келип чыгат. Терминди термин эмес сөздөн айырмалоонун негизги куралы болуп дефинитивдүүлүк, б.а., ага так илимий аныктама берүүгө болор-болбостугу эсептелет.

Линвистикалык терминология тил илиминин өнүгүү тарыхы менен кошо калыптанып, тилге карата көзкараштардын өзгөрүүсүн, түрдүү багыттар менен мектептерде лингвистикалык сөз колдонуулардын айырмачылыгын, түрдүү улуттардын тил таануу салттарын чагылдырат.

Линвистикалык терминология системасы ачык система катары, ар дайым байып, толукталып отурат. Тигил же бул терминологиялык системанын жашоо жанa жөндөмдүүлүгү анын иреттелгендиги, мазмун менен туюндуруу ортосундагы карым-катыштын ырааттуулугу менен мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4