Лингвистикалык энциклопедиялар

Википедия дан

Лингвистикалык энциклопедиялар - тил жана аны иликтеп-үйрөнүү методдору жөнүндөгү түшүнүктөрдү системага салып, алар туурасында маалымат берүүчү басылма.

Жалпы жана жеке лингвистикалык проблематикага, айрыкча, кайсы бир тилди мүнөздөөгө басым жасалышы мүмкүн. Материал алфавиттик тартипте же тематикалык принципте жайгаштырылат, көптөгөн Лингвистикалык энциклопедияларда эки принцип тең сакталат. Лингвистикалык энциклопедияларды түзүү принциптери жана структурасы азыркы тарыхый доордогу тилдик илимий маалыматтардын жана айрым мектептердин, улуттук лингвистикалык традициялардын теориялык эрежелеринин структурасын чагылдырат. Ар кайсы доорлордогу Лингвистикалык энциклопедияларды салыштыруу тил жөнүндөгү илимдердин өсүү процессине, тил табияты жөнүндөгү түшүнүктөрдүн өзгөрүшүнө жана аларды изилдөө методдоруна, тил илиминин башка илимдер менен байланышына байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Тил илими жөнүндөгү алгачкы энциклопедиялык справочниктер Францияда иштелип чыккан.

Тил жөнүндөгү азыркы илимди, информатика жана башкаруу каражаттарын лингвистикалык позицияда түшүндүрүүгө аракет жасаган "Еncyclopaedia of linguisties, information and control» (охf - [а.о.]. 1969), о.э. тилдин структурасы, аны изилдөөнүн маселелери, тилдин ойлоо жана адамдын психикасы менен байланышы, тилдин коомдогу ролу ж.б. проблемаларды камтыган 1989 - ж. Н.Э.Коллиндждин редакциясы астында чыккан "Аn еncyclopaedia of language" ("Тилдик энциклопедия" же "Лингвистикалык энциклопедия") басылмалары жарык көрдү.

Россияда "тил илиминин жана адабияттын тарыхы" камтылган "Илимий жана прикладдык билимдердин элдик энциклопедиясынын" (М.,1911) 7-тому чыгат. Азыркы орус тили жөнүндөгү негизги маалыматтарды берүүчү, анын тарыхын жана абалын, орус тилинин дүйнө тилдеринин арасындагы ээлеген ордун көрсөтүүчү "Орус тили" Л.Э. (М., 1979) түзүлгөн.

Ар кандай көлөмдөгү лингвистикалык проблемалар "Советтик чоң энциклопедия", "Советтик энциклопедиялык сөздүк универсалдуу жана багыттык энциклопедияларга камтылат. Кыргыз тил илиминде Лингвистикалык энциклопедиялар алгач жолу 2004-жылы Мамлекеттик тил жана Энциклопедия борбору тарабынан проф. С.Ж.Мусаевдин жооптуу редакторлугу менен жарык көрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4