Линза

Википедия дан
Линза.
Линза.

Линза - (нем. Linse, лат. lens – жасмык дегенден), томпок же иймек (кээде бир жак бети тегиз) беттер менен чектелген, жарык нурунун формасын өзгөртүүчү жана оптикалык сүрөттөлүштү алууга жөндөмдүү болгон тунук нерсе. Оптикалык касиети боюнча линза жарык нурун чогултуучу (оң) жана чачыратуучу (терс) түрдө болот. Линза көбүнчө оптикалык жана органикалык айнектен даярдалат. Ультракызгылт көк нурлар үчүн – кварцтан, флюориттен жана башка, инфракызыл нурлар үчүн – айнектин өзгөчө түрүнөн, сапфирден, кремнийден, германийден жана башка материалдардан жасашат. Линзалар жука жана калың, жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Жука линзалар жөнөкөй болот, ал эми калың линзалар бир же андан көп линзалардын системасынан турат да, калыңдыгы сфералык беттин радиусунан бир аз айырмаланат. Мисалы, берилген шартта линза жука деп эсептелсе, башка шартта ал линза калың деп эсептелиши мүмкүн. Линзаны мүнөздөөчү чоңдуктар геометриялык жана оптикалык параметрлерге бөлүнөт. Геометриялык параметрлери: сфералык беттеринин радиустары, негизги оптикалык огу, негизги тегиздиги, оптикалык борбору, фокустук аралыктары; оптикалык параметрлери: Линзанын сырткы чөйрөгө салыштырмалуу сындыруу көрсөткүчү n, оптикалык күчү Ф. Сфералык беттердин борборлорун бириктирип турган түз сызык линзанын негизги оптикалык огу деп аталат. Жука линза аркылуу өтүүчү нурларды «сындыруучу» тегиздик негизги тегиздик, линзанын негизги оптикалык огу менен негизги тегиздик кесилишкен чекит линзанын борбору деп аталат. Линзаны мүнөздөөчү чоңдуктардын арасындагы байланышты чагылдыруучу катышты табуу үчүн параксиалдык нурлар пайдаланылат. Линзанын оптикалык огуна параллель же кичине бурч түзүп, негизги огунан алыс эмес өткөн параллель нурлардын шооласы параксиалдык нурлар деп аталат. Параксиалдык нурлар линзадан өткөндө негизги фокус деп аталган чекитте. Линзанын борборунан анын фокусуна чейинки аралык линзанын фокустук аралыгы деп аталат. Линзалар үчүн анын параметрлерин байланыштырган формула: Ф=1/f=(n-1)*(1/R1+1/R2). Линзанын оптикалык күчүнүн бирдиги – диоптрия (дптр). Диоптрия – фокустук аралыгы 1 м болгон чогултуучу линзанын оптикалык күчү. Мында n>1 шарты үчүн чогултуучу болот, ал эми n < 1 болгондо чачыратуучу болот. приввет всемучашимся.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7