Линиж

Википедия дан

Линиж (лат. «сызыкча») уруктун ичиндеги бир атанын балдары. Энелик урукта - матрилиниж, аталык урукта - патрилиниж. Линиж түшүнүгү патрилиния (матрилиния) түшүнүгүнө жакын, бирок андан тарыхый диопазонунун кеңдиги менен айырмаланат. Патрилиниж уруулук түзүлүштүн кечки мезгилине же эрте мамлекеттүүлүк коомго тиешелүү болсо, линиж алгачкы жамааттык коомдо да болот. Линиж терминин илим адамдары ар башка мааниде карап жүрүшкөндүктөрү маалым. Айрымдар аны менен кандаш туугандардын өзүн атаса, башка авторлор болсо алардын үй-бүлө мүчөлөрүн да кошушат. Бүгүнкү доордо уруулук түзүлүштүн белгилери, айрым калдыктары сакталып калган элдерде уруктун линиждерге же патрилинижге (матрилиниж) бөлүнүшү сакталып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]