Линник Юрий Владимирович

Википедия дан

Линник Юрий Владимирович (8 (21). 1. 1915, Белая Церковь – 30. 6. 1972, Ленинград) – орус математиги, СССР ИАнын академиги (1964; корр. мүчөсү, 1953), Социалистик Эмгектин Баатыры (1969). Ленинград университетин бүтүргөн (1938), проф. (1944). 1941–42-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1940–42-ж. СССР ИАнын В. А. Стеклов атындагы Математикалык институтунун Ленинград бөлүмүндө иштеген. Линник сандар, ыктымалдык жана математикалык статистика теорияларын изилдеген. Сандар теориясында Варинг маселесинин элементардык чыгарылышын берген. Ыктымалдык жана математикалык статистика теориясында Линник жаңы аналитикалык методду киргизип, көп татаал проблемаларды чечкен. Изилдөө багыты: баалоо теориясы, татаал гипотезаларды текшерүү теориясы жана башкалар СССР мамлекеттик (1947) жана Ленин сыйлыгынын (1970) лауреаты. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Эмгектери: Дисперсионный метод в бинарных аддитивных задачах. Л., 1961.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7