Линотип

Википедия дан

Линотип (лат. linea – сызык, линия жана гр. typos – так түшүрүү) – текстти терип, туташ сап түрүндө куюучу терүү машинасы. Линотипти АКШда О. Мергенталер (1884) ойлоп чыгарган. СССРде биринчи линотип 1932-ж. Ленинград полиграфия заводунда даярдалган. Линотип негизинен үч аппараттан (терүү, куюу жана кайра бөлүштүргүч) турат. Клавиатуранын клавишасын басканда алфавиттин айрым тамгасы оюп жасалган металл матрица магазинден өзү түшөт да, мурдагы матрицанын жанына кыналып, сөз арасындагы ачык орунга ажыраткыч шынаа коюлат. Матрицалар менен шынаалардан текст сабы түзүлүп, ал атайын кармагыч менен куюу аппаратына берилет. Машинанын кийинки операциялары автоматтык түрдө аткарылат. Мындай машиналар гезит жана башка басма иштеринде ылдам жана үнөмдүү терүүдө колдонулган. Басуу ишинде компьютердик технологиянын кеңири жайылышына байланыштуу дээрлик колдонулбай калды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7