Мазмунга өтүү

Липома

Википедия дан

Липома (гр. lipos – май, ōma – шишик) – май ткандарынан өскөн зыянсыз шишик. Көбүнчө 30–50 жаштагы аялдарда кезигет. Айрым учурда көп санда пайда болуп, көлөмү ар түрдүү, диаметри 5–10 смден ашат. Организмдин функциясын бузбайт. Дарылоо хирургиялык жол менен жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7