Липопротеиддер

Википедия дан
Липопротеид.

Липопротеиддер - белок менен липиддердин комплекси. Биомембрананын негизин түзөт; эркин формада кан плазмасында, лимфада кездешет. Боордо жана жоон ичегилердин капталында синтезделет. Липиддердин аламашуусунда жана хиломикрон формасында ташууда зор роль ойнойт. Хиломикрондор сыртынан белок, фосфолипиддер, эркин холестерин менен капталган, ортосунда үчацилглицериддер, холестериндин эфирлери бар, диаметри 0.1-0.5 мкм; белоктор - 2 %, липиддер - 98 % түзөт. Л-дин белокторунун курамында структуралык, катализдик жана башка белоктор бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]