Лиризм

Википедия дан

Лиризм – жеке эмоцияларды, өзүнүн кабылдоолорун түздөн түз өзү берүүсү, автордун, каармандын, баяндоочунун, персонаждын сөзүн көтөрүңкү эмоционалдуулук менен айтып берүү.

Мында сезим, көңүл, ашкере таасын көрсөтүлөт. Лиризм лирикалык текке гана таандык эмес, эпикалык чыгармаларда да, драмада да учурай берет.
Мисалы: Ч. Айтматов “Жамийла” повестинде Жамийла менен Даниярдын баш оона ай түнүндөгү бири-бирине сүйүү сезимдерин көрсөтүү үчүн баяндоочунун лирикалык көңүл жагдайларын көрсөтөт.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004