Лирикалык каарман

Википедия дан

Лирикалык каарман — лирикалык чыгармадагы ой толгоосу, ой-сезими берилген каармандын образы. Лирикада акындын жекече ой-сезимдери берилгендигине карабастан, ал автордун өзү эмес. Мисалы, улуу акын Токтогулдун «Беш каман», «Алымкан», «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду» сыяктуу ырларынын лирикалык каарманы эзүүгө каршы турган, сүйүүдөгү эркиндикти, адилеттүүлүктү жар салган, эркиндик, теңдик замандын эшигин ачкан улуу Лениндин даңазалаган күрөшчүл адамдын образы. Ырдагы лирикалык каармандын аты аталбайт, ал акындын «мени» менен берилет, бирок «мен» жалпыга таандык болот. Лирикалык каарман эпикалык чыгармаларда да болот, анын аты аталат. Мисалы А. Токомбаевдин «Өз көзүм менен» поэмасындагы Бакасты, Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестиндеги художник Сейитти келтирүүгө болот. Булар лирикадагы лирикалык каармандардан айырмаланып, өзүнчө атка ээ болуп, терең ачылган эпикалык мүнөзгө жакын келет. Баары бир булар да автордук позицияны, мамилени көз карашты алып жүрүшү ме¬нен лирикалык каарман деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]