Лирикалык опера

Википедия дан

Лирикалык опера (франц. opera lyrigue - лирикалык опера) - 19-кылымдын экинчи жарымында Францияда пайда болгон опера жанры.

Лирикалык опера жаралышы жөнөкөй кишилердин ой-сезимине, күндөлүк турмушуна болгон кызыгууга, реалдуу жашаган каармандардын кейпин жаратууга болгон аракетке жана романтикалык опера жанрынын кризисине байланыштуу.

Лирикалык операнын музыкалык тили өтө жөнөкөй, ал күндөлүк турмушта пайдаланылган обон-күүлөргө таянат. Лирикалык операнын ыр, романс, бий, марш жанрлары башкы драматургиялык орунду ээлеген. Лирикалык опера үлгүлөрү катары Т. Бизенин «Бермет издөөчүлөр», Ш. Гунонун «Фауст» сыяктуу чыгармаларын көрсөтүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.