Лирикалык трагедия

Википедия дан

Лирикалык трагедия (франц. tragedie lyrigue - музыкалык-поэтикалык, тактап айтканда, ырдалуучу трагедия) - 17-кылымдын экинчи жарымында Францияда жаралган опера жанры.

Лирикалык трагедия негиздөөчүлөрү Ф. Кино, Ж. Б. Люли. Лирикалык трагедия Байыркы грек мифтерин, легендаларын камтыган сюжетке жазылган. Анын негизги идеясы инсандык милдеттин, сүйүүнүн, жек көрүүчүлүктүн ортосундагы карама-каршылыкка негизделген.

Лирикалык трагедия 18-кылымдын аягында өз маанисин жоготкон. Бирок анда колдонулган музыкалык каражаттар, драматургиялык мыйзам ченемдүүлүктөр француз опера өнөрүнүн андан аркы өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.