Лирикалык чегинүү

Википедия дан

Лирикалык чегинүү — сюжеттүү чыгармалардагы окуяларга, жекече каармандарга карата өз көз карашын, мамилесин билдирген автордун сөзү. Лирикалык чегинүү композициялык ыкмаларга кирет, анткени мында жазуучу өзүнүн ой-сезимин баяндайт. Ошондуктан ал чыгарманын сюжетине кирбейт, бирок чыгарманын идеялык маанисин тереңдетип, ачууга кандайдыр бир даражада таасир этет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]