Литий гидриди

Википедия дан

Литий гидриди LiH түссүз кристалл зат. Балкып эрүү t0 692°С, 727°С кургак бууланат, тыгызд. 0,78 г/см3. Суу менен реакцияга кирип, суутек бөлүп чыгарат (1 кг LiH 2,82 м3 суутекти бөлүп чыгарат). Балкып эриген Л. г. металлдар жана металл эместер оксиддерин, SiO2 калыбына келтирет. С, Р, S, Si менен реакцияга кирет, суюк жана газ түрүндөгү NН3 менен LiNН2 пайда кылат. Ө. ж-нда Л. г. балкып эриген литийди таза суутек менен 680-720°С гидрлөөдөн алынат. Суутек булагы катарында аэростаттар жана куткаруучу каражаттар (үйлөнүүчү кайыктар, курлар жана башка)толтуруу, орг. синтезде калыбына келтиргич катарында, бор гидридин алууда жана башка колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]