Литий карбонаты

Википедия дан

Литий карбонаты, Li2СО3 - түссүз кристалл, балкып эрүү t 732°С, (мындан жогорку темп-рада диссоциацияланат), тыгызд. 2,111 г/см3. Щелочтуу металлдар жана аммоний туздары (карбонаттар башкасы) катышуусунда эригичтиги жогорулайт. Суудагы эритмелеринде гидролизденет. Орг. эриткичтерде эрибейт. Л. к. суудагы суспензиясы аркылуу СО2 жиберүүдөн гидрокарбонаты LiНСО3 пайда болот. Л. к. к-талар менен тузду, Аl2О3 менен алюминаттар, SiO3 менен полисиликаттар пайда кылат. Л. к. ө. ж-нда натрий же калий карбонаттарын LiСl, LiNО3 же Li2SО4 эритмесине 90oС таасир кылуудан, лаб-яда LiOH эритмесине СО2 өткөрүүдөн алы-нат. Л. к. литий башка бирикмелерин алуу үчүн керектелүүчү туз. Андан алынган Li2О айнек жана карапа чыгарууда, о. эле Л. к. пиротехникада, пластмасса өндүрүшүндө жана металлургияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]