Литология

Википедия дан

Литология (лито… жана логия) – чөкмө тектердин жана учурдагы чөгүндүлөрдүн заттык курамы, түзүлүшү, пайда болушу, жер бетинде таралышы, өзгөрүшү жөнүндөгү илим. Геология илиминин бир тармагы. 19-кылымдын аягы – 20- кылымдын башында өз алдынча илим катары калыптанган. Немис И. Вальтер, англис Г. Сорби, француз Л. Кайё, орус илимпоздору А. П. Карпинский, А. Д. Архангельский, Д. В. Наливкин жана башка литология илимине зор салым кошушкан. Литология жер бетинде жана океан-деңиз түптөрүндө жүрүүчү литогенез процесстеринин маалыматтарына, актуализм принцибине таянат. Стратиграфия, тектоника, палеогеография, тарыхый геология, петрография, климатология, океанология, геохимия, физика, химия, математика илимдери менен тыгыз байланышта. Чөкмө тектерге генезистик жана фациялык талдоо жүргүзөт. Ар кандай формацияларга ажыратат. Чөкмө тектер менен кен байлыктардын пайда болушундагы геологиялык, тектоникалык, палеогеографиялык, физика-химиялык процесстерди изилдейт. Кен байлыктардын жер кыртышында орун алуу жана таралуу закон ченемдүүлүгүн аныктайт. Литогенез теориясын өркүндөтөт. Ошондой эле байыркы (кембрийге чейинки) метаморфизмделген тектердин, геосинклиналдуу аймактардагы жанартоо-чөкмө тектеринин литология, палеогеография, металлогениялык, палеофациялык өзгөчөлүктөрү боюнча иш жүргүзөт. Литология илиминин негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) геология объектилерди (тоо тектери, геологиялык түзүлүштөр жана башка), табигый кубулуштарды (жанартоолордун атылышы, океандеңиз түптөрүнө чөкмөлөрдүн чөгүшү, гипергенез жана башка) байкоо; 2) лабораториялык изилдөөлөрдү, эксперимент иштерин жүргүзүү; 3) лабораториялык изилдөөлөр менен геологиялык байкоолордон топтолгон материалдарды жыйынтыктоо, маалыматтарды илимий багытта талдоо. Кыргызстанда М. М. Адышев, В. М. Попов, Ү. Асаналиев, К. Е. Калмурзаев жана башка окумуштуулар литология илимине зор салым кошту. Чөкмө тектер боюнча атайын комиссияга 1979-ж. чейин М. М. Адышев жетекчилик кылды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7