Литораль чөкмөлөрү

Википедия дан

Литораль чөкмөлөрүлиторалда пайда болгон чөкмө тектер. Ар түрдүү курамдан турат. Сүрүлүп жылмаланган тоголок, жумуру, жалпак түспөлдөгү кесек бөлүкчөлөр. Ар кандай чоңдуктагы кумдар, ылайлуу топурактар (баткактар), кээде өсүмдүктөр менен жаныбарлардын калдыктары кездешет. Азыркы кезде пайда болуп жаткан литораль чөкмөлөрү деңиздин жээгинде ичке тилкени пайда кылат. Байыркы доорлордогу литораль чөкмөлөрү деңиз суулары тартылганда же ташкындаганда орун алгандыктан, чоң аянттарды кучагына алат. Айрым учурда трансгрессия процессинен (деңиз суусунун кургактыкты капташынан) литораль чөкмөлөрү башка тектер менен көмүлүп калат.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7