Литохимиялык съемка

Википедия дан

Литохимиялык съемка, мөталл ометриялык съёмка — кен байлык издөөдө колдонулчу гео-хим. негизги методдордун бири.

  • Ал тоо тектердин жанa алардын үбөлөндүлөрүнун хим. составын ырааттуу изилдөөгө негизделген. Литохимиялык съемкада адегенде изилденүүчү аянттан белгилүү аралык боюнча, белгилүү өлчөмдөгү сынамык топурактар (пробалар) алынат.
  • Алар спектрдик ж. б. анализден өткөрүлуп, металлдардын белгилери аныкталат. Натыйжада баалуу хим. элементтердин көп (кээде аз) топтолушу (литохим. аномалия) табылат. Ал аянтта дыкат изилдөө жумуштары жүргүзүлүп, жакшы жыйынтык алынса, кен ачуу максатында тоо өткөөлдөрү же бургулоо жумуштары жүргүзүлот.
  • Литохимиялык съемканын натыйжасында литохим. карта түзүлөт. Бул съёмканын негизинде Кыргызстандын аймагынан түстүү жанa сейрек кездешүүчү металлдардын кендери табылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.